Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:52

Кыргыз билим берүү академиясынын уюштуруу илимий методикалык жана басма бөлүмүнүн башчысы Сейитбек Жаанбаев "Азаттыктын" Прагадагы баш кеңсесинде болуп, билим тармагындагы реформалар, окуу китептеринин жетишсиздиги жана Болон процессине өтүү тууралуу маек куруп берди.

“Азаттык”: -Сейитбек мырза билим тармагында азыркы учурда кандай реформалар жүрүп жатат?

Сейитбек Жаанбаев: -Эми бүгүнкү күндө билим тармагында жүрүп жаткан реформаны билим берүүнүн модернизациясы деп атасак ылайыктуурак болот. Бүгүнкү күндө буга чейин билим берүү тармагында ЗУН дегенди карманып келгенбиз - “знание, умение, навыки”, башкача айтканда, адегенде балдарга билим берип, ошону үйрөтүп, анан ошол алган билимин пайдалануу.

Бүгүнкү күндө жалпы эле системаны башкачараак багытта берип атабыз: билим берүүдө баланын компетенттүүлүгү. Ошол балага эмне керек, эмне алыш керек, анан аны кандай пайдаланышы керек? Андан тышкары Азия өнүктүрүү банкынын биринчи траншында биздин Кыргыз билим берүү академиясы (мурдагы Кыргыз билим берүү институту) 324 миң доллардын тегерегинде акча каражатына жаңы муундагы окуу китептерин чыгарып, убагында берип, биз Азия өнүктүрүү банкынын жакшы ишенимине киргенбиз. Алар азыр 15 миллион гранттык акча берип, ошону андан ары уланттыруу боюнча иш жүрүп жатат.

Мындан сырткары окутууну баланын шык жөндөмүнө, башкача айтканда, инсанга багытталган тарапта уюштурууга аракет кылып жатабыз, бул дагы билим сапатын көтөрүүнүн бирден-бир жолу. Билим берүү министирлиги тарабынан дагы атайын семинарлар, тегерек үстөлдөр өткөрүлүп келүүдө.
"Балдардын тарбиясы үчүн мектеп гана жооп бербейт".


Экинчиден, Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан акыркы он сегиз жылдан бери биринчи жолу тарбия маселесине арналган эки чоң конференция өттү. Ошондой эле Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан балдарды адеп ахлахтык тарбиялоонун көйгөйүнө арналган республикалык мугалимдердин педагогикалык окуу жыйыны өттү. Педагогикалык окууларда өтө орчундуу маселе - тарбия маселесине арналат.

Бүгүнкү күндө балдардын тарбиясына ким жооп бериш керек? Учурда бир гана мектеп эле жооп берип жатат. Ушул маселе да көтөрүлүп жатат. Ошонун ата-энеси, коомчулук, айыл өкмөтү, балдар менен иштеген милициянын бөлүмү, саламаттык сактоо бөлүмү мектепке билим берүү тармагына гана баарын үйүп жатпайбы.

Көп программалар кабыл алынып жатат. Мисалы, “Дени сак улут”, “Маданият”, “Айылдык мектеп” деген программалар. Программалардын бардыгы аткарылбай жатканы - ушул жерде ким жооп берет, ким биргелешип иштеш керек дегендер каралбай калган. Жоопкерчиликти алган киши жок. Билим берүү сапатын көтөрүү деген маселе аябай орчундуу турат.

Мурдагы совет өлкөлөрү менен байланыш түзүүнүн зарылдыгы

“Азаттык”: -90-жылдардан кийин, мурдагы совет өлкөлөрүнө кирген мамлекеттер өз алдынча болуп калгандан кийин, учурда пост-советтик өлкөлөр менен кандайдыр бир кызматташтык, байланыштар болуп атабы?

Сейитбек Жаанбаев: -Ооба, кызматташтык болуп атат, себеби бизде тажик, орус тилдүү мектептерибиз бар. Орус-кыргыз аралашкан мектептерибиз бар, өзбек мектептерибиз бар. Бул боюнча мурунку совет системасындагы мамлекеттер менен биргелешип иш кылбасак болбойт.

Бүгүнкү күндө эң тыгыз байланыш Орусия менен жүрүп атат. Кыргызстанда орус тилдүү мектептерибиз Орусиянын окуу китептери менен окуйт. Тилекке каршы, ушундай болуп атат. Өзбек тилиндеги мектептер бар, биз Өзбекстан менен байланышып атабыз. Өзбекстанда атайын кыргыз басма бөлүмү бар.

Өзбек, тажик мектептери боюнча окуу китептерин толук камсыздай албай, көзөмөлдөй албай атабыз. Ал эми Орусия менен бир топ жакшы жолго коюлган. Андан сырткары Түркия менен байланышуудабыз.

Жаңы муун үчүн жаңы багыттагы окуу китептери зарыл

“Азаттык”: - Сейит мырза, окуу китептери тууралуу сүйлөшсөк. Бизге жеткен маалыматар боюнча Таласта мектеп окуучулары “Менин өлкөм - Советтер Союзу” деп окушат экен. Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш аймактарда дагы окуучулардан президенттин атын сурасаң “Ислам Каримов, же Эмомали Рахмон” дешет. Китептердин эскилигинен жаңы китептердин жетишсиздигинен улам келип чыккан бул маселе кантип чечилип жатат? Деги эле чечилип жатабы?
"Окуу китептери боюнча өлкөдөгү абал өтө эле оор".


Сейитбек Жаанбаев: - Окуу китептери боюнча азыр чынында азыр өлкөдөгү абал өтө эле оор. Окуу китептери менен камсыз болуу негизинен жалпы республика боюнча 30-35 пайыздын эле тегерегинде. Эски окуу китептерди китепканада сакталып турган окуу китептер менен кошуп эле Кыргызстанда 80-90 пайыз деп отчётко кетип калып жатпайбы. 5-6 ай мурда “2003-жылга чейинки окуу китептер жараксыз деп табылсын” деп министрликтин атайын чечимин чыгартканбыз.

2003-жылга чейинки окуу китептер биринчиден окуу программасына туура келбей эскирип калды. Алар билим берүүнүн стандарттарына туура келбей калды, ошол окуу китептердин маани-маңызы эскирди.

Экинчиден, ошол окуу китебинин өзүнүн гигиеналык нормасы болот. Ал жерде кагаз эскирет, өңү өчөт, жыртылат. Эски окуу китеби балдарга ар кандай инфекциялык ооруларды жугузууда. Баракты шилекейлеп ача берет экен. 2003-жылдан кийинки окуу китебин алып караганыбызда, 30-35 пайыздын тегереги болуп жатат.

Өзбек, тажик мектептерибизди окуу китептери менен камсыз кылуу оор абалда турат. Өзбек мектебин камсыз кылуу боюнча Оштогу Кыргыз-өзбек университетинин алдындагы атайын окуу китептеринин базасы бар. Окуу китептерин которуп, мүмкүн болушунча жеткирип атышат.

Бүгүнкү күндө 6-7-класстын окуу китептерине чейин которулуп кетип калды, жогорку класстардын окуу китептери жете элек. Ал эми Тажик мектептер боюнча абал өтө эле оор. Тажик мектептерине биздин китептерди которуп бере элекпиз. Сиз айткандай “президентибиз Каримов, Рахмонов” дегендер чыгып атат. Эми айла кеткенде Тажикстандан келген окуу китептердин бетиндеги президенттин сүрөтүн алып таштап да көрдүк. Ал тескери таасирди берет экен: “китеп эмнеге айрылып калган десе, президент болчу ошону айрып таштаптыр. Ким эле? Рахмонов эле” деп жатышат.

Орусиядан келген окуу китептерибиздин абалы да ушул деңгээлде болуп жатат: башталгыч класстарга келген “Азбука” окуу китептеринде “Боже, храни нас” деген сөздөр бар. Путиндин сүрөтү менен келип атат. Бул боюнча Билим берүү министрлиги өкмөткө маселе коюп, ушул окуу китептер менен камсыз кылуу жагын аракет кылып жатат. Бирок тийешелүү деңгээлде чечилбей жатат.

Былтыр окуу китептерине 100 миллион сом акча бөлүп берген. Эми 100 миллион деген аты чоң болгон менен, аны иштетип келгенде бир эле китепке жетип калат. Бир китептин баасы 100 сом болсо, бизде 1 миллион 300 миң окуучубуз бар. Бир эле наамдагы китеп чыгып калып жатпайбы. Бүгүнкү күндө биздин мектептерге 45 наамдагы окуу китеби керек. 24 окуу предметибиз бар. Бирок буга карабай мүмкүн болушунча окуу китептери чыгып атат. Мына тарых боюнча окуу китептери бештен 11чи класска чейин жаңы муундагы окуу китептери чыкты. Бирок ошол да толук кандуу жете албай жатат.
"Орусиядан келген китептерде “Боже, храни нас” деген сөздөр бар".


Ар бир баланын колуна окуу китеби жетип, андан сыркары мугалимине, анан китепканага ондон окуу китеби деп орточо эсептегенде ар бир китеп жетимиш миң нускадан чыгышы керек. Тилекке каршы, 15-20 миңдин тегерегинде чыгарып жатабыз.

Билим сапатын көтөрүүнүн эки жолу бар: жакшы окуу китеби, окуу методикалык курал, дидактикалык материал жана мыкты куралданган мугалим. Акыркы күнү биздин окуу китебибиз дагы чыкпай жатат, окуу методикалык куралдарыбыз акыркы 15-16 жылдан бери деги эле чыга элек. Анан мугалимдердин билим сапатын көтөрүүбүз тийешелүү деңгээлде болбой, билим сапаты төмөн, балдар окуй албайт.

Кадрлар баарын чечеби? Жаш мугалимдер аба менен суудай зарыл


“Азаттык”: - Мугалимдер демекчи... Жаш кадрлар тууралуу сүйлөшөлү. Айлык акынын аздыгынан жогорку окуу жайын жаңы эле бүтүргөн жаш мугалимдердин өз кесиби менен иштебестен башка жакка кетип жатканы тууралуу канча сөздөр айтылды, бул жашыруун сыр эмес. Бул маселе кандай чечилип жатат?

Сейитбек Жаанбаев: - Туура айтасыз. Айрыкча бүгүнкү күнү мектептерге 3 жарым миң мугалим жетишпейт. Андан сырткары бүгүн жалпы Кыргызстан мектептериндеги билим берүү тармагындагы мугалимдердин 60-70 пайызы пенсия курагында. Себеби тоолуу райондордо эжелерибиз 40-45 жашында пенсияга чыгышат.

Айлыктын аздыгы деп жатпайлыбы... Ооба, айлыктын аздыгы бир себеп боло алат. Бирок өкмөт “Жаш мугалимдин депозити” деген программаны дагы киргизип көрдү. “Үч жыл иштейсиң, үч жылдан кийин жүз миң сом айлык аласың” деп дагы киргизип көрдүк. Бирок кеп айлыкта гана эмес экен.

Ошол программага катышып, бирок аягына чыгарбай кетип калган мугалимдер менен дагы сүйлөшүп көрдүк. Жаш кадрлар менен дагы сүйлөшүп көрдүк, атайын мониторинг жүргүздүк. Ошондо бир нерсени байкадык: бүгүнкү күндө мектепке бара турган жаш мугалимдер айлыктын аздыгынан гана эмес, мектептерге барып сабак өткөндөн коркот экен.

Биринчиден, мектепке барса, окуу китеби жок. Мугалим үчүн окуу методикалык колдонмо жок. Анан убагында жогорку окуу жайларында илгеркидей педагогикалык практикадан өткөн эмес. Ал мектепке барганда сабак өткөндөн коркот. Демек жаш мугалимдер айлыктын аздыгынан гана кеткен жок. Алар мугалим үчүн талап кылынган шарттардын жоктугунан барбай жаткан экен. Бул маселени министрликке дагы, өкмөткө дагы айтып жатабыз.
"Жаш мугалимдер мектепке барып сабак өткөндөн коркот".


Мектепти бүтүп эле “мен мугалим болгум келет” деп, мугалим болуп калган жаштар дагы көп. Мисалы, Баткенде мектепти бүтүп эле, мугалим болуп иштеп калган 310 адис бар. Чүй жана Талас боюнча жалпысынан миңден ашуун бүтүрүүчү өз мектебинде калып, мугалимдик кесипти аркалап келишүүдө. Кеп алардын айлык акысында эмес, кеп мамлекет тарабынан ошол жаш мугалимдерге окуу методикалык куралы, дидактикалык көрсөтмө куралдарын, окуу китептерин жана педагогикалык практиканы мектептен жакшылап өткөртүп, адис кылып даярдап койсо, алар барат.

Саны көп, сапаты жок...

“Азаттык”: - Мына ушундан улам дагы бир суроо пайда болду: Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети жана башка бир катар окуу жайлар жыл сайын канча миң деген кадрларды чыгарып жатат. Бирок алардын азы гана элет жерлерине барып иштешүүдө. Андыктан мугалим болом дегендер үчүн сынакты татаалдаштырып, бюджеттик орундарды өзгөчө татыктуулар үчүн берип, коротулуп жаткан акчаларды жаш кадрлардын билимин өркүндөтүү үчүн жумшаса болобу?

Сейитбек Жаанбаев: - Оюңуз туура. Бул маселени дагы Билим берүү министрлигине үч жылдан бери коюп келатабыз. Кадр даярдоо маселесине келсек, Кыргызстанда бир жылда 80 миң окуучу мектепти бүтүрөт. Ошонун 30 миңи мамлекеттик тестирлөөдөн өтөт. Бирок мамлекет ошол отуз миңдин ичинен 5 миң 700 балага гана акча төлөй алат. Башкача айтканда, 5 700 гана бюджеттик орун бар. Бул орундарды мугалимге, доктурга деп чачканда, аз эле чыгып калат. Калгандары өз каражатына окушу керек.

Быйыл кыргыз өкмөтү контракттын баасын 13 миң сомго көтөрүп койду. Мурда 5-6 миң сом болчу. Сырттан окуу бөлүмү 4-5 миң сом болчу. Мектепти бүтүп эле, кайра ошол жерде иштеп калгандар жогорку окуу жайларда сырттан окучу. Биз алардын дагы жолун бууп таштадык.

Сиз туура айтып жатасыз, университетти бүткөн жаш кадрлар өз айылдарына барбай кетип калышууда. Ошон үчүн өз айылындагы айыл өкмөтүнүн, мектептин жолдомосу менен жакшы окуган, өздөштүрүп кете турган, кайра өз айылына бара турган жаштарды жолдомо менен окутуп, кайра ошол жакка жиберсе, бул маселе чечилет.

Экинчиден, дагы бир көйгөй бар: мугалимдердин билимин өркүндөтүү боюнча курстарга көпчүлүк мугалимдер келе албай калышууда. Себеби ошолордун жол киресин жана каражатын айыл өкмөтү төлөсүн деп койгон. Кайсы айыл өкмөтүндө акча бар? Кимдин акчасы болсо жиберет, акчасы болбогондор калып калышууда. Ошон үчүн мугалимдердин билимин өркүндөтүүнү мамлекет өзү көзөмөлгө алып, өзү камсыздашы керек.

Өзбек жана тажик мектептериндеги көйгөйлөр тууралуу

“Азаттык”: - Бир учурларда Кыргызстандагы тажик-өзбек мектептеринде кыргыз тил сабагынын саатын көбөйтүүдөн улам чатак чыкты эле. Ушул окуянын чоо-жайына дагы токтоло кетсеңиз.

Сейитбек Жаанбаев: - Ооба, мындай абал болгон. Бул жерде тажик-өзбек туугандарды күнөөлөгөнгө болбойт. Бул биздин билим берүү тармагындагы кемчиликтен улам чыкты.

Биз ошол мектептерге бардык. Тажик, өзбек мектептерге барып, “эмне үчүн кыргыз тилин окугуңар келбей жатат?” деп сурадык. Алар айтышууда, “биз окугубуз келет, бирок сиздер кыргыз тил жана адабият сабагын эки саат киргизип жатасыңар. Бул эки саат бир жыл ичинде 68 саат дегенди түшүндүрөт. Ошол 68 саат ичинде кайсы темаларды окутабыз, кимдин чыгармасын окутабыз, эмнени окутабыз, кандай беребиз - муну даярдап берген жоксуңар. Экинчиден, биздин тажик жана өзбек мектебинин программасынан 2 саат кыскартып жатасыңар. Биз кайсы жерин кыскартышыбыз керек? Мына ушуну биз менен бет маңдай отуруп чечип берсеңер” дешүүдө.

“Макул эки саатты киргизип койдуңар. А биз 68 саатка материалды кайдан табабыз? Эртең эле текшерип келген киши айтат: эмнени киргиздиңер, программаңарды бербейсиңерби” дешти. Ооба, ошон үчүн бул иште эки эл ортосундагы мамилелерге доо кетирип албаш үчүн өтө аяр мамиле жасаш керек. Бул ортодогу майда чиновниктердин шашмалыгынан, өз ишин жакшы билбегендигинен гана ушундай абал болуп кеткен.

“Болон процессине өтүү үчүн менталитетти өзгөртүү керек”

“Азаттык”: - Сейитбек мырза, эми Болон процесси тууралуу сүйлөшсөк. Кыргыз-түрк “Манас” университети, Америка университети Болон процессине кирген. Кыргызстандын башка окуу жайларынын айрымдары дагы ушу процесске кирүүнүн аракетинде. Анын аралыгында Болон процесси тууралуу карама-каршылыктуу пикирлер айтылып келет. Сиздин жеке баамыңызда, Кыргызстандын окуу жайлары Болон процессине өтүшү керекпи?

Сейитбек Жаанбаев: - Мендеги маалымат боюнча биздин Кыргыз билим берүү академиясында профессор Кыргызбай Дадабаевич жетектеген жогорку окуу жайлардын проблемасын изилдеген институт бар. Мына ушул институт көп жылдан бери жогорку окуу жайларды Болон процессине өткөрүүнүн үстүндө иштеп келе жатат.
"Болон процесси – сапаттуу билим берүүгө олуттуу салым кошот".


Буга биринчи кезекте мамлекеттик мааниде атайын иштелип чыккан документ жок. Кыргыз-түрк “Манас” университети жана Эл аралык Америка университети европалык программада билим берет. Бирок биздин айрым окуу жайлары өз аракеттери жана демилгеси менен иштеп чыгып, өз аракети менен камылга көрүп жатышат.

Ар кандай жаңы ишке оң дагы, терс дагы пикирлер айтыла берет экен. Атайын программа болгондон кийин буга акча каражатын бөлүп, анан иштетсе, бул – жогорку окуу жайларында адистерди сапаттуу даярдоого чоң салымын кошот эле. Мендеги маалыматтар боюнча бул иш Кыргызстанда жүрүп жатат. Бирок бир эле күндө бул процесске кире турган иш эмес. Буга айрыкча кыргыз менталитетин даярдаш керек экен.

Тил үйрөтүү маселеси орчун турат

“Азаттык”: - Сейитбек мырза, мен Кыргыз-түрк “Манас” университетин бүтүргөм. Окууга жаңы тапшырганымда түрк тилин 2 айдын ичинде үйрөнгөм. Мени менен окууга келген түрк жарандары кыргыз тилин жарым жылда араң үйрөнүштү. Орус тилдүү досторум дагы кыргыз тилин үйрөнүү методикасы абдан татаал деп айтышат. Биз түрк тилин үйрөнүп жатканда эрежелерди эмес, сүйлөшүү, пикир алмашууга басым жасалып, аудио-видеону колдонгон элек. Кыргыз тилин үйрөнгөндөр үчүн мындай мүмкүнчүлүктөр жок, тил үйрөтүү методикасы татаал десек болобу?

Сейитбек Жаанбаев:- Сиз туура баамдаган экенсиз. Түрктөрдү албай эле, өзүбүздүн кыргыздарды ала турган болсок, 11 жыл бою адабиятты окуп туруп өз оюн кыргыз тилинде түшүндүрө албагандар бар. 11 жыл орус адабиятын окуп айылдагы балдарыбыз орус тилин билбей чыгышууда. Түпкү себеби – окуу китебинин даярдалышы, окуу материалдарынын берилиши, башкача айтканда, ошол кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикалык жагын жаңыртуу болот экен.

Мына мектептердеги кыргыз тил китептерин карасаңыз, көпчүлүгү тил адистигине ылайыкташып калган. Анда синтаксисттик талдоо, морфологиялык жана фонетикалык талдоо деп эле эрежени жаттатып жатышат. Орус тилинде дагы эрежени жаттатыра беребиз.

Сиз түрк тилин окугандан кийин билесиз, адегенде алар сүйлөгөндү үйрөтөт. Бизге волонтерлор келип, англис тилин алты айда эле үйрөтүп жатышпайбы. Анткени алар адегенде сүйлөгөндү үйрөтөт. Андан кийин гана эрежелерине өтөт. Биз дагы кыргыз тилин окутуунун методикасын өзгөртүшүбүз керек жана кыргыз тилинде окуу китептеринин түзүлүшүн кайра карап чыгышыбыз керек.

Ошол балага эмнени бериш керек? Башкача айтканда, англис же түрк тилин окутуунун методикасын карасаңыз, үч багытта берет: 1. Чет тил катары окутуу. 2. Профессионалдык ишинде пайдаланган тил катары. 3. Негизги тил катары өздөштүрүш керек.

Тилди карым-катнаш, байланыш катары окутуш керек. Ушинтип бөлүп алганда тил үйрөнө турган адамга кайсынысы керек, эмнени тандай турганын билиш керек. Мисалы, жөн гана байланыш үчүн керек болсо, ал адамга эрежелерди жаттаттыруунун кереги жок. Буйруса бул маселе ордунан жылып калды. Баары айланып келип эле каражатка такалып калууда. Бүгүнкү күндө жаңы муун үчүн кыргыз тил китептери чыга албай жатат.

“Азаттык”: - Сейитбек мырза, анда бизге куруп берген маегиңиз үчүн рахмат.

Сейитбек Жаанбаев: - Сиздерге дагы ырахмат. Туз насип буйруп, Прагада “Азаттык” үналгысынын баш кеңсесине дагы келип калдым. 1993-жылдан бери “Азаттык” менен тыгыз байланышып келүүдөбүз. Бул радио - көңүл түшүп, алака түзүп калган радио. Элге тагыраак, кененирээк маалымат берүүчү булак. “Демократия” деп кыйкырганыбыз менен, демократиянын эң бир өзөктүү жана негизгиси – маалымат алуунун эркиндиги. Ишиңиздер ийгиликтүү болсун.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG