Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Саясий куугунтукка каршы күрөш комитети адегенде И. Исаковду коргойт


Саясий куугунтукка каршы күрөш комитети ишин мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун укугун коргоодон баштайт. Жаңы түзүлүп жаткан бул коомдук уюм уюштуруу жыйынын шаршембиде өткөргөнү жатат. Анын негиздөөчүсү Топчубек Тургуналиев комитеттин түзүлүшүнө оппозициялык саясатчыларга каршы кылмыш иштеринин козголушу, бир катар саясатчылардын балдарынын куугунтукка алынышы түрткү болду деп билдирди. Комитет көз карандысыз болуп, анын курамына юристтер, адвокаттар, журналисттер жана саясатчылар кирери айтылууда. Декабрь айында мурдагы министрлер Исмаил Исаковго, Аликбек Жекшенкуловго мамлекеттик кызматты өтөп жатканда мыйзам бузду деп, “Жашылдар” партиясынын башчысы Эркин Бөлөкбаевге президенттин беделине шек келтирди деп кылмыш иштери козголгон. (BuS)

XS
SM
MD
LG