Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:39

Мусулмандар биримдиги Газа тилкесиндеги кан төгүүгө байланыштуу акцияларды өткөрөт


“ЭрК” партиясынын төрагасы, “Кыргызстан Мусулмандар кеңешинин” теңтөрагасы Турсунбай Бакир уулунун “Азаттыкка” билдиргени боюнча Газа тилкесинде Израилдин бомбалоосунан курман болгондорду жоктоо жана Палестинаны коргоо боюнча бир катар акциялар башталмакчы. Буга байланыштуу Мусулмандар кеңешинин жетекчилиги эртең маалымат жыйынын беришет. 14-декабрда тарых музейинде саясатчылардын катышуусунда жыйын болуп, анда Газадагы кан төгүүнүн сүрөт көргөзмөсү өткөрүлөт, мындан тышкары Палестинада шейит болгондорду эскерүү китепчеси ачылат. Ошол эле күнү борбор калаадагы аянттардын биринде Израилдин баскынчылыгына каршы нааразылык акциясы уюштурулуп, анда Израилдин жана АКШнын туулары өрттөлмөкчү. Мусулмандар кеңеши Газа тилкесиндеги согушка АКШнын түздөн-түз тиешеси бар, деп эсептейт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG