Мурдагы президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов сыяктуу оппозицияны бөлүп-жарып, алсыздандырууга Үсөновдун айла-амалы жетишсиз. Мындай пикирин Элдик Революциялык кыймылдын лидерлеринин бири Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” билдирди. Анын ою боюнча жаңы дайындалган президенттик администрация башчысы өз кызыкчылыгы үчүн өлкөнү артка тартуусу толук ыктымал. Акыркы убактардагы Акүйдөгү кадр алмаштыруу маселесине токтолгон саясатчы президенттин бул кадамдары эч маселе чечпейт, анткени мамлекетти үй-бүлө башкарып жатат, деген пикирин кошумчалады.(ZKo)