Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Ош шаарында олимпиадага даярдоочу мектеп ачылат


Ош шаар мэри Жумадыл Исаков «Азаттыкка» кабарлагандай, былтыр материалдык-техникалык базанын жоктугунан, машыктыруучалардын тартыштыгынан Кыргызстандын түштүк башкалаасынын спортчулары Пекин олимпиадасына катышпай калган. Ошол себептүү быйылтан баштап Уркуя Салиева атындагы мектеп-интернатынын базасында олимпиадалык оюндардын 7 түрү боюнча улан-кыздарды даярдоо башталат. Кыргыз Өкмөтү каражат жагынан колдосо, класстар бара-бара спорт мекемесине айландырылмакчы. Жергиликтүү адистердин пикиринде жаңы мектепти тургузганга олчойгон каражат жана көп жыл сарпталат, андан көрө спорттук эски имараттарды жаңылап, балдарды машыктырууну эртелетпесе, оштуктардын кийинки олимпиадага да катышуусу күмөн. (ATo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG