Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:07

Бүгүн саясий куугунтукка каршы комитеттин уюштуруу жыйыны болот


Комитеттин негиздөөчүсү Топчубек Тургуналиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда комитеттин түзүлүшүнө Кыргызстандагы саясатчыларга жана алардын жакындарына каршы козголгон кылмыш иштери, көз карандысыз маалымат каражаттарына, укук коргоочуларга кысымдар негиз берүүдө. Комитетти уюштуруу жыйынында жобо кабыл алынып, коомчулук үчүн билдирүү таркатылат. Тургуналиевдин айтымында комитетке Мукар Чолпонбаев, Сартбай Жайчибеков, Төлөкан Исмаилова, Асия Сасыкбаева, Динара Ошуракунова, Бабырбек Жээнбеков, Бермет Букашева, Таалай Абдылдаев, Качкын Булатов өңдүү юристтер, журналисттер, укук коргоочулар киришти. (BuS)

XS
SM
MD
LG