Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:50

Таласта чагым болсо - жоопкерчиликти бийлик тартат


Мындай мазмундагы билдирүүнү “Ата мекен” партиясы бүгүн таратты. Маалыматка караганда, партиянын Таласка белгиленген конференциясынын алдында бийлик 10 автобуска салынган милиция кызматкерлерин Таласка жеткирип, ички иштер министринин орун басары ошол жерде болууда. 14-январда партиянын активистеринин автоунаасын Кара-Буура райондук милициясы кармап, учурда автоунаа алардын колунда турат. Милиция жана УКМКнын кызмткерлери жергиликтүү калкты коркутуп, партиялык конференцияга келтирбөөгө аракеттенүүдө. Ошондой эле бийлик Түп районундагыдай чагым уюштурууну белгилеп жатат. Эгерде ал уюштурулса, бардык жоопкерчилик бийликте болот, деп жазылган билдирүүдө.Ал ички иштер министрлиги "Ата мекен" партиясынын билдирүүлөрүн төгүнгө чыгарып, ички иштер министринин орун басары Манас Акматбеков Таласта облустук милициянын 2008-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгаруу үчүн барганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG