Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:42

Таласта “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү куугунтукка кабылууда


Таласта “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрүн жергиликтүү бийлик кугуунтуктап жатат. Бул маалыматты “Азаттыкка” билдирген “Атамекенчилердин” бири Туратбек Мадалбековдун автоунаасы жергиликтүү МАИ кызматкерлери тарабынан камакка алынган.

Бишкектен Таласка келип “Ата Мекен” партиясынын облустук конференциясын өткөрүү иш чарасы менен алектенип жүргөн бул партиянын өкүлү Туратбек Мадалбековдун Гольф-3 үлгүсүндөгү автоунаасы Кара-Буура райондук МАИ кызматкерлери тарабынан 14-январда камакка алынган.

Бул көрүнүштү бийликтин партия мүчөлөрүнө карата жасаган атайын иши деп кабыл алган Туратбек Мадалбеков алар сүйлөшкөн адамдарды да жергиликтүү укук коргоочулар суракка алып, кугунтуктоо жүргүзүшүүдө дейт:

- Биздин автоунаа Өмүрбек Текебаевдин менчик машинасы. Мага Талас облусуна келгенге берген. Ал жерде юридикалык жактан нотариалдык контора менен туура жазылып, мен айдап жүргөнгө бир айга берилген. «Ата Мекен» партиясынын кээ бир лидерлерин чакырып алып көбүнчө Улуттук коопсуздук кызматы, анан айыл өкмөттөр, салык инспекциялары аркылуу дагы кысымдар көрсөтүлүп атканын мен бул жерге келип угуп атам, өзүм нааразы болуп отурам.

Камакка алынган автоунаа тууралуу Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Эмил Жаманкуловго кайрылганыбызда эч кандай кугунтуктоо болбогонун айтып, автоунаа мыйзам негизинде камакка алынды дейт:

- «В 53-91 У» номериндеги Гольф-3 автоунаасын токтотуптур. Анда Мадалбеков Туратбек айдоочулук күбөлүгү жок айдап бараткан экен. Мыйзам менен иштеш керек да, ошол мыйзам негизинде, Административдик кодекстин 244-беренесинин бар негизинде административдик протокол түзүлүп, автоунаа атайын жайда токтоп турат. Качан айдоочулук күбөлүгүн көрсөткөндөн кийин автоунааны беребиз. Эч кандай маселе жок.

Мындан тышкары «Ата Мекен» социалисттик партиясынын аймактагы лидерлери Талас шаардык бийлигине кайрылышып, конференция өткөрүү максатта шаардагы Атай Огонбаев атындагы музыкалык мектептин жыйындар залын сурашкан.

Бирок ар кандай шылтоо менен бийлик башчылары ал жакка да уруксат беришкен жок, дейт партия өкүлү Туратбек Мадалбеков:

- Силер бизге 15 күн мурда беришиңер керек эле, азыр кеч болуп калды деп айтып атышат. Бирок партиялык конференцияда эч кандай 15 күндүк мөөнөт деген убакыт жок. Биздики ачык эле партиялык конференция да.

Бул боюнча Талас шаарынын мэри Эркин Турсункулов менен байланышканыбызда ал партиянын конференция өткөрүү тууралуу жазылган кайрылуу каты мөөр коюлбастан жана партиянын атайын кагазына түшүрүлбөстөн келгенин, экинчиден «Ата Мекен» партиясынын башчылары 12 күн мурда кайрылыш керек болсо алар эки күн калганда кайрылып отурушканын билдирди.

XS
SM
MD
LG