Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:03

Экс-коммунисттик өлкөлөрдөгү менчиктештирүү эркектердин өлүмү көбөйүшүнө алып барган


Бул тууралуу Британиянын медициналык "Лансет" журналында жарыяланган жаңы иликтөөдө айтылат. Иликтөөгө караганда 1990-жылдары СССРдин ыдыроосун коштогон жапырт менчиктештирүү 15тен 59 жашка чейинки курактагы эркектер арасындагы өлүмдү көбөйткөн. Буга мамлекеттик мүлктүн менчиктештирилүүсүнөн жумушсуз калган эркектердин ичимдикке ооп кетүүсү да салым кошту.

Изилдөөгө караганда, маселен 1991-94-жылдары Орусияда, Казакстанда, Лативияда, Литвада, Эстонияда эркектердин өлүмү 42%га өскөн. Ал эми жумушсуздуктун көрсөткүчү болсо бул жылдары 305%га көбөйгөн.

Ал эми менчиктештирүү этияттык жана социалдык коргоо менен айкалышып жүргүзүлгөн Чехия, Польша, Словения, Хорватия, Албания сындуу өлөкөлөрдө, изилдөөгө караганда, жумушсуздук эки пайызга эле өскөн, эркектер арасындагы өлүм тескерисинче он пайызга азайган.

XS
SM
MD
LG