Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:27

БУУнун башкатчысы Газада уюмдун кеңсеси аткыланганына кыжырдануу билдирди


Газадагы ок атышууну токтотуу аракетинде Израилде жүргөн Пан Ги Мундун айтымында ал өлкө бийликтеринен толук түшүндүрмө талап кылды. Израилдин коргоо министри Эхуд Барак анын менен телефон сүйлөшүүсүндө бул "олуттуу жаңылыштык" болгонун билдирген. БУУнун Газадагы жергиликтүү кызматкерлеринин маалыматына караганда, уюмдун качкындар иши боюнча кеңсесине артиллериялык снаряддар тийген соң, имараттын бир бөлүгү өрттөнүп кеткен. Окуя учурунда үч адам жаракат алды.

Бул аралыкта Израилдин чабарманы Каирге ок атышуунун токтотуу боюнча Египеттин сунуштарын талкуулоо үчүн барды.

Палестиналык расмий өкңдөрдүн айтымында, Израилдин операциясы башталгандан 20 күндөн бери Газада 1000ден ашуун адам мерт болду. Алардын жарымы – жөн жай тургундар.

Израилдин ырастоосунда, анын Газадагы операциясынын максаты - Хамастын согушкерлерин өлкө аймактарына ракета атуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу.

XS
SM
MD
LG