Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:25

ИИМ: Текебаев дүрмөттөлгөн курал алып жүргөн


K
K

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Кара-Буура районунда кармалган себептери боюнча ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов “Азаттыкка” төмөнкүдөй маалымат берди.

“Бул боюнча мындай деп айта алабыз. Бүгүн 17-январда күндүзгү саат бирден 40 мүнөт өткөндө Кара-Буура районунда Кызыл-Адыр айылына жакын мал базарга чукул жерде митинг өткөрүүнүн эрежелерин бузуу менен “Ата мекен” партиясынын атайын конференциясын өткөрүү үчүн барган. Кара-Буура райондук прокуратурасынын эскертүүсүнө карабастан административдик тартип бузуу менен атайын митинг өткөргөн. Аларга митинг өткөрүүгө алдын ала эч ким уруксат берген эмес. Ошондуктан эң биринчи тартип бузуу мына ушул маселеде турат.

Экинчи маселе, митинг өткөрүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан ошол жерде токтоп турган машиналардын биринде курал-жарак бар экендиги такталган. Митинг бүткөндөн кийин аталган машина Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Өмүрбек Текебаев “Мерседес бенс - 320” автоунаасы жана анын айдоочусу Ядгаржан Абдраманов менен Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Автоунаанын ичинен газ пистолети, винчестер, мындан сырткары “Сайга” карабини табылган.

Учурда Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан административдик кодекстеги статьялардын эрежелери бузулгандыгы үчүн атайын материал даярдалууда. Материалда эң негизги болуп мыйзамсыз түрдө митинг өткөрүлгөндүгү каралууда. Экинчиси, Текебаевге тиешелүү карабиндин мыйзамдуулугу текшерилет. Анткени мылтык машинада жүргөндө атайын чехолдун ичинде болуш керек жана дүрмөттөлбөгөн абалда болуш керек. Бул чехолдун сыртында жана дүрмөттөлгөн абалда болгон. Мындай кырдаалда курал-жаракты алып жүрүүгө тыюу салынат.

Экинчиси, “Сайга” өзүнүн заводдон чыккан үлгүсү боюнча 10 эле окко эсептелген, анан атайын өзүнүн октору болот. Бизге жеткен маалымат боюнча анын магазининде 32 патрон болгон, анын баардыгы тең согуштук куралдын октору болгон. Бул карабинге байланыштуу анын окчонтойу (магазини) жасалып өзгөртүлгөн деген мыйзам бузуу да бар. Бул боюнча атайын соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды. Эгерде чындыгында ушундай болуп аныктала турган болсо бул факт боюнча административдик тартип бузуу гана эмес, кылмыш иши да козголушу мүмкүн.”

XS
SM
MD
LG