Украина жана Орусия бүгүн Европага газ берүүнү жандандыруу тууралуу келишимге кол коеру күтүлүүдө. Бул тууралуу кечээ Орусиянын премьер-министри Владимир Путин жана Украинанын өкмөт башчысы Юлия Тимошенконун сүйлөшүүсүнөн кийин маалым болду. Макулдашууга ылайык, Орусия Украинага газды 20 пайызга арзан сатмакчы. Орусиянын “Газпром” жана Украинанын “Нафтогаз” компаниялары келишимдин чоо-жайын талкуулагандан кийин Тимошенко ага кол коюу үчүн Москвага келери маалымдалды. Украина менен Орусия ортосундагы газ чатагынан улам Европанын бир катар өлкөлөрү январдын башынан бери көгүлтүр отунсуз калган.