Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

Кара-Буура соту Текебаевге таандык курал маселесин караганы жатат


Оппозициялык лидерге курал-жарактар жөнүндөгү мыйзамды бузду деген айып тагылууда.
“Азаттыктын” кабарчысынын маалыматына караганда, учурда райондук сотко алып барчу жолдун эки тарабын милиция кызматкерлери тосмого алып турушат. Соттун алдында оппозициялык саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Аликбек Жекшенкулов, Болот Шерниязов жана алардын тарапкерлери, журналисттер турушат.
17-январда “Ата-Мекен” партиясынын лидеринин автоунаасынан 32 огу менен "Сайга" мылтыгы, карабин мылтыгы жана бир тапанча табылгандыгы кабарланган. Ички иштер министринин маалымат катчысы Бакыт Сейитов куралдар боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалганын, текшерүдө октор согуш куралдарына колдонулуучу ок деп табылса Текебаевге каршы кылмыш иши козголушу ыктымал экенин ошол эле күнү билдирген. Текебаев өзү болсо милиция автоунаасанын тапкан куралдар мыйзамдуу экенин, аларды өмүрүнө коркунуч барын сезген үчүн алып жүргөнүн билдирген. (BuS)

XS
SM
MD
LG