Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:49

Вашингтондо Барак Обама АКШнын 44-президенти катары ант берди


Андан бир нече мүнөт мурда вице-президент Жозеф Байден да ант берген эле. Обамага эми алдыда экономикалык кризис, Ооганстан, Ирактагы согуш өңдүү чалкеш проблемаларды чечүүгө туура келет. Ант берүү жөрөлгөсүн көрүүгө келгендердин алдында сүйлөгөн сөзүндө Обама “бардык үндөрдү уга турган жаңы Американы” убада кылды. Барак Обама 1861-жылы Авраам Линкольн пайдаланган Библияга колун коюп ант берди: “Мен, Барак Хусейн Обама, Кошмо Штаттарынын президентинин милдетин ак ниет менен аткарганга, күчүмдүн келишинче Кошмо Штаттарынын Конституциясын сактаганга, коргонго жана колдогонго салтанаттуу ант берем”,-деп айтты өлкөнүн 44-президенти.

XS
SM
MD
LG