Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:53

Германиянын ЖОЖдорунда жыл сайын 400 кыргыз жараны билим алат


Бул туралуу бүгүн маалымат жыйынында Академиялык алмашуу боюнча герман маалымат кызматынын (DAAD) жетекчиси Гизел Циммерманн билдирди. Анын айтымында, акыркы 15 жылда баардыгы болуп бул программа аркылуу 1300 кыргыз жараны билимин өркүндөтө алды. “Германиянын тышкы саясаттагы максаты - студенттер жана окумуштуулар үчүн колдоо көрсөтүү", - дейт DAADжетекчиси. Учурда өлкөдөгү ири окуу жайларда кыргыз-герман факультеттери бар. Бүгүнкү маалымат жыйыны Бишкекте герман-франсуз борбору ачылышына карата уюштурулду. (EK)

XS
SM
MD
LG