Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:08

Голландияда парламенттин мүчөсү Геерт Вилдерске өз тасмасы менен исламга шек келтирген деген айып коюлду. Бирок мусулмандарды дискриминациялап, жек көрүүчүлүктү козуткандыгы үчүн күнөөлөнгөн мыйзамгерге кандай жаза берилээри бир нече айдан кийин гана белгилүү болот.

Амстердамда сот "Фитна" деген тасмасы жана эл алдында сүйлөгөн сөздөрү менен Геерт Вилдерс мусулмандарга каршы жек көрүүчүлүктү жана аларды жекелөөнү козуткан деп тапты. Соттун 21-январдагы өкүмүндө "Голландиянын ашынган оңчул Эркиндик партиясын жетектеген Вилдерстин бир тараптуу жана радикалдуу пикирлеринен улам, жек көрүүчүлүк пайда болду" деп айтылат.

17 мүнөттүк тасма былтыр Ооганстан, Иран, Индонезия жана Пакистанда мусулмандардын катуу нааразылыгын пайда кылган эле. Тасмада курандын аяттары исламчыл террористтердин жана кылмышкерлердин чабуулдары жана имамдардын ыйык согушка чакыруулары менен айкаштырылып окулат.

Сот Вилдерсти куранды жана исламды Нацизм жана Гитлердин "Майн Кампф" китебине салыштырганын айрыкча айыптады.

"Демократиялык коомдо жек көрүүчүлүктү козутуу өтө олуттуу маселе, ошондуктан, коомдук талкууда чек болушу керек" деп эсептешет соттор.

Голландиялык прокурорлор өткөн жайда ага каршы кылмыш ишин козгоодон баш тартышкан эле. Ал убакта прокуратура исламды фашизмге теңөө мусулмандарга катуу тийээрин моюнга алып, бирок бул кылмыштуу иш эмес деген билдирүү таркаткан.

Ушул бейшембидеги сот чечими прокурорлорду бул турумун өзгөртүүгө мажбурламакчы. Голландиянын мыйзамдары парламенттин мүчөсүн сот жообуна тартууга тыюу салбайт.

Видлерсти сот жообуна тартуу аракетинде болгон укук коргоочулар соттун чечимине канааттангандык билдиришүүдө:

Вилдерс өңдөнүп, бүтүндөй элди же бир диндин адамдарын чогуусу менен терс жагынан мүнөздөп, баарын жамандап, зөөкүрдүккө ишенет деп чыксак, Исламды зордукчулукка үндөгөн фашисттик дин дей турган болсок, бул өтө коркунучтуу, анткени бир коомдогу эки топту бир бирине кайраштырабыз. Мындай аракеттер кандай кесептеттерге алып келээрин биз тарыхтан жакшы билебиз, - дейт "Голландия ар кыл түстөрдү тааныйт" коомунун маалымат катчысы Франк ван Шайк.

Голландияда мусулмандар негизинен Мороккодон жана Түркиядан келгендер, алар жалпы калктын 6 пайызын түзөт. Бул өлкөдө мусулмандар менен алака эки киши өлтүрүүгө байланыштуу айрыкча курчуп кеткен.

2002-жылы саясатчы Пым Фортйунду өлтүргөн киши аны мусулмандарды бечара кылып көрсөтүү аракетин токтоткусу келгендигин жарыялаган. Мындан эки жылдан кийин режисер Тео ван Гогду мусулман экстремист Исламда аялдардын басмырланышын айгинелеген тасмасы үчүн өлтүрүп кеткен.

Ван Гогдун өлүмүнөн кийинки сурамжылоодо голланддардын 40 пайызы "мусулмандар мындан ары биздин өлкөдө өздөрүн ыңгайсыз сезишсин" деген үмүтүн билдирген.

Айрым байкоочулар Вилдерстин чуулгандуу жарыяларына карабастан, соңку жылдары Голландияда исламга байланышкан карама-каршылыктын азайгандыгын белгилешүүдө.

Гаагадагы Голландиянын Эл аралык байланыштар институтунун ислам боюнча эскперти Эдвин Баккер бул көрүнүштү талкуулардын буга чейин өтө курч болгонунун натыйжасы деп эсептейт:

– Бизге мусулман жамаатында кандай проблемалар бар экендиги тууралуу ачык-айрым талкуу жетишпей келген. Мындай талкуудан көпчүлүккө жаңы келгендер айрымдар ырастагандай террористтер эмес экендигин, аларга биз орун беришибиз керек экендигин көрсөттү.

Изилдөөчүнүн пикиринде, азыр талкуулар мындан 5-10 жыл мурдагыга караганда кыйла ачык өтүп, элдердин арасында ишеним да бекемделди. Анын айтымында, соңку сурамжылоо коомдун радикалдашуусунан чочулагандардын саны 8 пайызга, ал эми терроризмден корккондордун саны 13 пайызга азайгандыгын көрсөттү.
XS
SM
MD
LG