Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:30

Киев-Москва газ согушунда ким жеңди?


"Газпромдун" башчысы Алексей Миллер жана "Нафтогаздын" башчысы Олег Дубина.

"Газпромдун" башчысы Алексей Миллер жана "Нафтогаздын" башчысы Олег Дубина.

Кышкы чилдеде Европанын үшүн алган газ кризиси бүттү: Россия газды Украина аркылуу Европага кайра жөнөтүүдө. Москва-Киев ортосундагы газдын баасынан чыккан эки жумалык чатакта Евробиримдикке мүчө айырым өлкөлөр газдын тартыштыгынан кыйналса да, Брюссель тирешкен тараптарды сындаганы менен эч кимдин тарабын албады. Газ талашында ким көп уткурду: Россиябы же Украинабы?

Украина-Россия арасындагы газ чатагы Европа Россиянын газысыз жашай албасын дагы бир ирет тастыктоо менен алтернативдүү булактарды издөө керек экенин Брюсселдин эсине салды. Андай булак табылмайынча, Брюсселдеги Европа саясый борборунун талдоочусу Аманда Ачакоча айым айткандай, Евробиримдик Москва менен аргасыз иштеше берет:

-Евробиримдик Россия менен алака күтүү зарылдыгын жакшы түшүнөт деп ойлойм. Биримдик-Россия мамилеси өйдө-ылдый абалда турат. Бул Россия менен болуп жүргөн иш.

Эки жумага созулган украиналык-россиялык газ чатагы учурунда Брюссель эки жакты өз ара мунасага келип, милдеттенмелерин бузбай аткарууга чакырып, калыс болууга тырышты. Муну Киевдеги бейөкмөттүк Мамлекетттүлүк жана демократия институнун төрагасы Иван Лозовой Евробиримдиктин алсыздыгы деп баалайт:

-Бул, бир чети, Батыш европалыктардын чабалдыгы деп ойлойм. Мен Европанын босогосундагы Украинаны көбүрөөк күнөөлөмөкмүн. Деги «Россия цивилизациялуу жол менен иштей баштабайсыңбы?» деп айтууга даай турган саясатчылар кайда.

Грузияга согуш ачса да Батыш менен болгон мамилесин мурдакыдай эле сактап калган Россия газ кризисинен саясый абрюн жоготподу дегендер да бар.

-Акыркы тирешүүдөн Россиянын аброюна чоң зыян тийди деп ойлобойм. Себеби, Европада өз ара мамиле ар убак татаал бойдон калат деген ишеним бар, - дейт Москванын УралСиб банкынын стратеги Крис Уифер.

Деген менен, «Газпром» Украина менен акыйлашып жатып, күнүнө 100 миллион доллардан жоготкон.

Кээ бир серепчилердин баамында, Киев чатактан күткөндөй пайда таппады. Евробиримдик кажылдашуу учурунда бейтарап турганы менен, Москва газды бере баштагандан кийин Украинаны катуу сынга алды. Атап айтканда, Еврокомиссиянын тышкы байланыштар боюнча башкы директору Энеко Ландабуру Украин президенти Виктор Ющенкону премьер-министр Юлия Тимошенко россиялык коллегасы Владимир Путин менен жаңы жылга чейин жетишкен келишимди аткартпады деп күнөөлөдү. Брюссель балким Тимошенко менен иштешүүнү оң тапты, деп боолгойт Крис Уифер:

-Бул Москва президент Ющенкого караганда президент Тимошенко менен иштешкенди оң көрөт деген эл арасындагы пикирди тастыктайт. Бул Тимошенко прагматик саясатчы деген көз карашты дагы бекемдеп, келерки президенттик шайлоодо ал үчүн пайдалуу болот.

Президент Ющенко газ боюнча сүйлөшүүгө катышпады. Бирок Тимошенкону кымбат баага макул болду деп сындады. Юлия Тимошенко 2010-жылы президенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин жашырбайт.

Киевдеги Саясатты жана конфликтерди изилдөө борборунун директору Михайло Погребенскийдин айтышынча, көпчүлүк калк Украин саясатчыларынын акыркы жылдардагы таймашынан тажады. Алар Ющенконун өлкөнү Россия менен тынбай эле тирештирип жатканын көрүүдө, дейт Погребенский:

-Ющенко азыркы кризистин курчушуна болушунча кызыгып жатты. Тимошенконун максаты башка эле. Бардык жоопкерчилик Тимошенкодо болгондуктан, кризисти басуу анын милдети болчу. Президент эч нерсени чече албаганынын себеби ушунда. Россия менен тирешүү - өлкөнү бириктирүү үчүн зарыл деп ойлоо- таптакыр акылга сыйбас нерсе. Биз өлкөнү улуттук кызыкчылыктын негизинде же коңшуларыбыз менен адамгерчиликтүү тил табышуу аркылуу бириктирүүбүз керек.

Тимошенко жана Путин ортосундагы макулдашуу боюнча, Украина газды жалпы европалык баадан 20 процентке арзанга алат же анын 1 000 куб метрине 360 доллардан төлөйт. Бирок баа ар кварталда кайра каралып турат.

Россиялык саясатчы, Мамдуманын мурдакы мүчөсү Владимир Рыжковдун айтымында, узак мөөнөттөн алганда, газ кризиси Россияга зыян гана алып келет:

-100 метрге чурканадан биз утабыз, бирок 5 чакырымга чуркоодон уткурабыз. Себеби, Евробиримдик азыркы чатактан кийин Россияга болгон көзкарандылыгын мүмкүн болушунча азайтууга умтула баштайт. Атүгүл Евробиримдик көзкарандысыздыкка жетүүнүн саясаты өзгөртүлөт жана тийиштүү чаралар кабыл алынат.

XS
SM
MD
LG