Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:59

Нарын облусуна өткөн жыл үчүн 7 миллион сом төлөнө элек


Мындай маалыматты Нарын облусунун губернаторунун маалымат катчысы Айнура Темирова бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Өткөн жыл үчүн облустук драма театрдын, облустук китепкананын, Нарын бажысынын, Ат-Башы районундагы кесипчилик окуу жайынын жана башка бюджеттик уюмдардын кызматкерлери 7 миллион 160 миң сом эмгек акыларын алыша элек. “Эмгек кодексинин 157-беренесине ылайык, кечиктирилген эмгек акынын үстөгү 800 миң сомдон ашып кетти. Бул сумманы каржы министрлиги төлөп берүүгө тийиш»,-дейт Айнура Темирова. Ал эми каржы министринин орун басары Саидбек Зулпиев 23-январда өткөн жыл үчүн бюджеттик эмгек акылар боюнча карыз жок деп билдирген. (KUs)

XS
SM
MD
LG