Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Акыйкатчы Ноокат окуясы боюнча көз карандысыз комиссия түзүп жатат


Мындай демилгени институттун алдындагы укук коргоочулар кеңеши көтөргөн. Комиссия Хизб-ут-тахрир экстремисттик уюмду коргоону максат кылбайт, тескерисинче анын аракеттерин сынга алат деп билдирди акыйкатчы Турсунбек Акун "Азаттыкка". Акыйкатчынын айтымында Ноокат окуясы терең изилденбегендиктен, хизб-ут-тахрирчилердин катарында алардын таасирине байкабай кирип кеткен карапайым жарандарга да сот оор жазаларды чектеп койду. Комиссия эки аптанын ичинде булардын ак-карасын иликтөө максатын алдыга коюуда. 1-октябрдагы Орозо айтта Ноокатта тополоңго катышты деген айып менен 32 кишиге 8 жылдан 20 жылга чейин жаза чектелген. Алардын ичинде 2 аял бар. (BuS)

XS
SM
MD
LG