Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Тегеран Барак Обама менен кызматташууга даяр


Бул тууралуу Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форум башталар алдында адистер тобунун алдында сүйлөгөн сөзүндө Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки билдирди:

-“Эгерде АКШнын жаңы өкмөтү президент Обама айткандай, Жакынкы Чыгыштагы саясатын сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө өзгөртө турган болсо, Тегеран менен Вашингтон тил табыша алат”.

Жорж Буштун администрациясы учурунда АКШ менен Иран ортосундагы мамилелер өтө курчуп кеткен. Вашингтон Тегеранды өзөктүк курал жасоодо деп айыптаса, Иран АКШнын мындай айыптоолорун четке кагып келген. Эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1979-жылы үзүлгөн.

XS
SM
MD
LG