Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

АКШ аскерлери Ирактан кайта баштайт


Иракта кызмат өтөгөн 140 миңдей америкалык жоокердин олуттуу бөлүгү бир жылдын аралыгында АКШга кайтып келет. Бул тууралуу АКШ президенти Барак Обама Эн-Би-Си сыналгы каналы аркылуу билдирди. Өз сөзүндө Обама ирактыктарды жергиликтүү бийликтерди шайлоону тынч өткөрүп алышы менен куттуктап, ишемби күнкү аймактык кеңештерге шайлоону прогресс жолундагы дагы бир олуттуу кадам деп атады. 31-январда Ирактын он сегиз вилайетинин он төртүндө жергиликтүү бийликтерге 440 депутат шайланды. Аймактык кеңештер Ирактагы көпчүлүк вилайеттердин акимдерин дайындайт, аймак башчылары болсо өз вилайеттериндеги каржы жана кайра куруу иштерине жооп беришет.

XS
SM
MD
LG