Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Тажик президенти Москвага кайра бара турган болду


Эмомали Рахмон Орусия башкааласына бүгүн кечинде келет. Тажик тышкы иштер министрлигинин өкүлү билдиргендей, ал эртең өтүүчү эки : Жаматтык коопсуздук келишими уюму менен Евразия Экономикалык шериктештиги ( ЕврАзЕс) саммиттерине катышмакчы.

Тажикстан кечээ капыстан эле президент Рахмон Москвадагы саммиттерге барбай турганын жарыялап, мунун жүйөөсүн өлкөдөгү энергетикалык кризиске байланыштырган эле.

Бирок аналитиктер мунун себебин орус президенти Дмитрий Медведевдин жакында Өзбекстандагы визити учурунда жасаган билдирүүсүнөн көрүшкөн. Анда орус президенти Борбор Азияда жаңы ГЭСтерди курууда коңшу өлкөлөр менен да макулдашуу зарылдыгын айткан. Тажик тарап бул билдирүүнү Орусиянын Рогун ГЭСинин курулушун бүткөрүүгө катышуу боюнча мурдагы убадаларына шайкеш келбеген кадам катары баалаган эле. Өзбекстан чек араларды кесип өткөн дарыялардын башында жаңы ГЭСтердин курулушун кубаттабайт.

XS
SM
MD
LG