Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:10

4-февраль: Тарых барактары


2003-жылдын бул күнү Баткен райсоту Өзбекстан Ислам кыймылынын өкүлү Шералы Акботоевди 25 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган.
2003-жылдын бул күнү Баткен райсоту Өзбекстан Ислам кыймылынын өкүлү Шералы Акботоевди 25 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган.

Өзбекстан Ислам кыймылынын жетекчи кеңешинин өкүлү Шерали Акботоев 2003-жылдын 4-январында сот жазасына тартылган. Бириккен Улуттар Уюму 1985-жылдын 4-февралында кыйноону тыю туурасында резолюция кабыл алган.

Энесайлык кыргыздардын саясий жана согуштук дарамети талантуу өкүмдар Эренак башкарган учурда туу чокусуна жеткен. Буга чейин башы кошулбаган кыргыз бектиктерин бир ордого бириктирген Эренак 1679-жылы Сибирдеги орус ээликтерине каршы чапкын уюштура баштаган. Ал үчүн ал аскерди экиге бөлүп, Шанды баштаган колду Томскиге багыттап, экинчи колду өзү жетектеп Красноярский багытында жортуул жасаган. Эренактын чапкыны орус ээлигине зор зыян алып келген. Мындан улам Красноярск жана Томь воеводалары биргелешип кыргыздарга каршы жортуул уюштурушан.

И. Гречанин баштаган орус аскерлери 1680-жылдын февраль айынын баш ченинде кыргыздарга каршы аттанган. Орус аскерлеринин чапкыны туурасында маалымат алган Эренак кыштоосун таштап, башка аймака жер которгон. Жолу болбогон И. Гречанин аларды ордунан таппай артка кайткан. Кыргыздардын 400 чамалуу колу 4-февраль күнү таңга жуук орус лагерин курчап, бирок күтүүсүздөн кайра артка тартышкан.

Коргоо министри Эсен Топоевдин 2003-жылдын 4-февралында маалымдоо каражаттары үчүн уюштурган маалымат жыйынында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн 2010-жылга чейинки Аскердик доктринасынын кабыл алынгандыгын кабарланган. Министрдин айтымында, доктрина алкагында куралдуу күчтөрдү реформалоо жана анын техникалык, тактикалык сапатын арттыруу багыттары белгиленген. Мындан тышкары, дүйнөлүк масштабдагы террордук кыймылдын күч алышын эске алып, Кыргызстан куралдуу күчтөрүнүн курамында чакан чагылган аракетчил топтун түзүлө тургандыгы маалымдалган.

Өзбекстан Ислам кыймылынын жетекчи кеңешинин өкүлү Шерали Акботоев 2003-жылдын 4-февралында сот жазасына тартылган. Баткен райондук соту Кылмыш жаза Кодексинин 6-беренесинде каралган жазага ылайык аны 25 жылга эркинен ажыратуу туурасында бүтүм чыгарган.

Россиядагы падышаны такка отургузууда колдонулчу таажы кийгизүү салты Византия мамлекетинен алынган. Орто кылымдагы Русь мамлекетиндеги Москвалык князь Иван III Васильевичтин небереси, Дмитрий Иванович1498-жылдын 4-февралында такка отурганда биринчи жолу ага таажы кийгизилген. Өспүрүм Дмитрийге таажы кийгизүү салты Мономахтын шапкасы менен алмаштырылып, салтанат Москва Кремлиндеги Успенский соборунда ишке ашырылган.

Жаш жеткинчектердин жүрүм-турумуна арналган биринчи насаатчы китеп, 1717-жылдын 4-февраль күнү Санкт-Петербург шаарында жарык көргөн. Адистердин айтымында, турмуш казананына аралашам деген ар жеткинчек үчүн ал китеп азыр да өз маанисин жогото элек.

Петр I Россиядагы биринчи калк каттоо жүргүзүү туурасындагы падышалык Жардыкка 1717-жылдын 4-февраль күнү кол койгон.

Россиядагы «Даража табели» 1722-жылдын 4-февралында киргизилген. Баардык мамлекеттик кызматкерлер 14 класска айрылып, эгер даража бир болгон убакта – аскер чини сарай кызматкеринен, сарай кызматкери болсо граждандык адамдан жогору турган. 1-2-класстагы адамдарга «Сиздин улуу урматтулугуңузга», 3-4-класстагыларга «Сиздин урматтуулугуңузга» деген кайрылуулар киргизилген.

Мындай татаал система Совет бийлигинин тушунда жоюлуп, бардык адамдар эми бири-бирине «жолдош» болуп калган.

Филадельфия шаарында 1789-жылдын 4-февралында өткөн шайлоодо, шайлоочулар бир добуштан Джордж Вашингтонду Америка Кошмо Штаттарынын биринчи президенттигине шайлашкан.

Бириккен Улуттар Уюму 1985-жылдын 4-февралында кыйноону тыю туурасында резолюция кабыл алган.
XS
SM
MD
LG