Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Конституциялык соттун судьясы С.Демин аялынын өлүмүнө тиешеси барбы?


Мына ушундай суроону Жогорку Кеңештеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Роза Отунбаева парламентте коюп, Деминдин коңшуларына таянып, ал аялын зордук менен психоневрологиялык ооруканага жаткырганын, ал жерде аял каза тапканын билдирди. Депутаттын маалыматы боюнча, Демин аялы менен “сталинка” түрүндөгү квартираны талашып жаткан. Президенттик администрацияда, юридикалык системада иштеген, бирок соттук иш боюнча эч тажрыйбасы жок Сергей Демин быйыл январь айында Конституциялык соттун судьялыгына шайланган. Кызматка киришүүнүн алдында 5-февралда ал парламентте ант бериш керек эле. Бирок аялынын каза болгонуна байланыштуу Демин парламентке келген жок. Депутат Роза Отунбаева бул маселени иликтөөнү парламентке сунуштады.(AiT)

XS
SM
MD
LG