Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

Жаңы Салык кодексине ири ишкерлер да нааразы


Ишкерлер биримдигинин жетекчиси Чыныбай Турсунбеков Жаңы Салык кодекси иштеш үчүн анын жоболору так, түшүнүктүү болушу керектигин айтат.
Ишкерлер биримдигинин жетекчиси Чыныбай Турсунбеков Жаңы Салык кодекси иштеш үчүн анын жоболору так, түшүнүктүү болушу керектигин айтат.

Кыргызстандагы ири бизнес өкүлдөрү жаңы Салык кодексинин иштөөсүн бир жылга токтотуп туруу, андай шартка өкмөт көнбөсө 2 айга чейин салык кызматы ири ишкерлерге салыкты туура эсептебегендиги үчүн айыппул салууну токтотуy талабын коюшту.

Жаңы Салык кодекси иштебей жатып кичи бизнес өкүлдөрүнүн нааразылыгын жаратып, ортодогу талаш маселени чечүү үчүн өкмөт атайын жумушчу топ түзгөн. Эми ошондой эле талаптарды ири бизнес өкүлдөрү да коюуда.

6-февралда Кыргызстан ишкерлер биримдигинин демилгеси менен өткөрүлгөн жыйында ири ишкерлердин башын бириктирген 15 ассоциациянын өкүлдөрү өкмөткө жаңы сунушту жолдомок болушту.

Анын себебин Кыргызстан ишкерлер биримдигинин жетекчиси Чыныбай Турсунбеков мындайча түшүндүрдү.

- 2009-жыл башталды. Биз жаңы Салык кодекси менен иштешибиз керек. Мыйзам бар, бирок кантип иштегенди билбегенибиз үчүн, түшүнүксүз нерселери көп болгон үчүн суроолор көп болуп жатат. Жаңы Салык кодекси иштеш үчүн так, түшүнүктүү жоболору болуш керек.

Ири ишкерлер койгон талаптар туура экендигин Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин башкармалык жетекчиси Кубанычбек Айдаралиев да ырастап, ушу тапта жаңы Салык кодексин кайрадан карап чыгуу үчүн атайын жумушчу топ иштеп жатканын маалымдады.

- Ишкерлердин өздөрүнүн пикирин угуп туруп ошого карата салык саясатын мүмкүн болушунча калыс, аткарыла тургандай кылып так чечсек деген тилек менен келишти. Ошондой эле бүгүнкү чогулушта ушул маселени чечип алсакпы, деген ой менен бул жерге чогулганбыз.

Жаңы Салык кодексинде эсепчилердин башын ооруткандан башкага жарабаган жобо-талаптар биртоп экенин “Якобс Аудит” компаниясынын жетекчиси Елена Морозова момундай мисал менен бышыктады. Анын айтуусунда, киреше салыгы боюнча тийиштүү документти толтуруш кыйын.

- 150 саптан турган документти толтуруп чыгыш зарыл. Ар бир сапта белгилүү эсеп менен базис келтирилиши керек. Бул эсеп канча убакытты аларын мен элестете албай турам. Анан да ал кимге керек экенин билбей башым маң. Документке салык инспекциясына дегеле кереги жок маалыматтар кирип калган.

Ушундай эле пикирин Чүй облустук ишкерлер биримдигинин жетекчи орунбасары Александр Савицкий да билдирди.

- Ири бизнес тууралуу кеп болгондо ага тоскооол боло турган нерселер толтура. Мына бир ай убакыт өттү. Баары аз-аздан түшүнө башташты, Салык кодексинде ири бизнестин алдына тарс жарылчу бомбаны таштап коюшуптур.

Өкмөт деле жаңы Салык кодексинде биртоп алешемдиктер бардыгын ырастап, аны оңдоого киришкени ишкерлер жыйынында айтылды. Анткен менен, ири ишкерлердин көпчүлүгү жаңы Салык кодексиндеги көп түшүнүктөр чечмеленбей калганын белгилешип, аларды бирден-экиден оңдобой, жалпы кодексти оңдоп чыгуу зарылдыгын белгилешүүдө. Ошентип кичи бизнестин артынан ири ишкерлердин экономикалык талаптары чыга баштады. Ага өкмөт кандай жооп берери жакынкы убактарда ачыкка чыгып калышы мүмкүн.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG