Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Лейлектеги көмүр кениндеги жер көчкүдөн бир киши мерт болду


Бул тууралуу 7-февраль күнү Баткен облустук акимчилигинен «Азаттыкка» билдирди. Маалыматка карганда, 6-февраль күнү түштөн кийин «Лейлек -кен» ачык акционердик коомунун көмүр кенинде жер көчүп, 2 кенчи топурак астында калган. Жергиликтүү тургундардын жардамы менен 1 кенчи куткарылып, ал эми 29 жаштагы Коргон айылынын тургуну Кубанычбек Рахмановдун өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Куткаруучулардын жана атайын техникалардын жардамы менен бир нече убакыттан кийин маркумдун денеси топурак астынан казылып алынган. (JsA)

XS
SM
MD
LG