Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:36

Укук коргоочу Шералы Назаркуловдун кайтыш болгонуна 7 жыл толду. Ал Үзөнгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы ачкачылыктан улам дүйнө салган эле. Шералы Назаркуловдун өлүмүнөн азыркы бийлик сабак алдыбы?

Жети жыл илгери укук коргоочу маркум Шералы Назаркулов 2002-жылы 51 жаш курагында мурдагы президент Аскар Акаевдин Үзөңгү-Куушту Кытайга берип жибергенине, ошол кездеги депутат Азимбек Бекназаровдун камалышына каршы чыгып саясий ачкачылыкка кошулуп 21 күн дегенде бул жарык дүйнө менен кош айтышкан. 2005-жылдагы бийлик алмашуу төңкөрүшүнө Шералынын өлүмү да себептин бири.

Улуттун келечеги үчүн күрөшкөн укук коргоочу өлкөдөгү адам укуктарынын ченемсиз бузулушуна зээни кейип, бийликтин эл менен эсептешпеген өз билемдигине жаны кейигендигин өлүмү аркылуу билдиргени менен журт эсинде калган. Ал өзүн оппозиция деп эсептечү эмес. Кайсыл тарап болбосун эл мүдөөсү үчүн биригип иштөөгө даяр экенин айтып да, басылмаларда жазып да келген. Ар бир эле адам карапайым калктын камын өз жонтериси менен сезе бербейт эмеспи. Шералы өз жашоосун карапайым адамдардын жашоосунан бөлүп карабаган. Мындай айтканда эл менен жашаган. Ошондонбу «Шералынын өлүмү мисалында бийлик системасынын оркойгон каталыгы, тарыхта кара так болуп калышы мүмкүн» деп айткан эле өз атын атагысы келбеген бир бийлик өкүлү.

Айтса-айтпаса 2005-жылкы бийлик алмашууга Шералынын жана Аксы окуясынын салымы чоң экенин эч ким танбайт, дешет саясатчылар. Кеп бийликтин алмышышында эмес, Шералыдай жигиттердин өлүмүнөн кийинки бийлик сабак алган-албаганында. Шералынын өлүмү тууралуу ар кандай жоромол сөздөр убагында көп эле айтылган. Баарын айтпаганда да турмуштун оюш-кыйыш өтмүштөрү үчүн бир келген өмүрдөн кечүүнү туура көрбөгөндөр, анын өлүмүнө себепкер деп кимдир бирөөлөрдү күнөөлөгөндөр да чыккан. Ачкалыкты таштап, саясий акциядан баш тартып кетип калганда балким, өлбөй калат беле деген сяктуу пикирлер да болгон.

Үзөңгү-Куушту Кытайга берүү маселеси болбогондо, ошол боюнча ал кездеги депутат Азимбек Бекназаров камалбаганда ачкалык акциясы мындай турсун, 6 жаран окко учкан Аксы трагедиясы деле болмок эмес. Аксылыктар окко төшүн тосуп, чындык издеген атуулдар катары калк эсинде калды. Айтайын дегенибиз Шералы өзү жашап жаткан өлкөдөгү адам укугу, демократия үчүн жандалбас урган аракетинин натыйжасыз калып жатканына кейиди белем, көкүрөк көйгөйүн өлүмү менен түшүндүрүп кетти. 2009-жыл 8-февраль Шералынын каза болгон күнү Акыйкатчы институтунда эскерүү жыйыны өттү.

Азыркы акыйкатчы Турсунбек Акун анда Шералы менен көшөрө ачкачылыкта отургандардын бири болгонун айтып, ал күндөрдү мындайча эскерди:

- Шералынын каза болгонуна жети жылдын жүзү болду. Үч ай бою ачкачылык жарыяладык улам-улам алмашып. Ошондон кийин Аксы окуясы болду. 2005-жылдагы март революциясынын келишинин башкы даярдыгы ошол болду. Азыркы бийликтин келишине өтө чоң таасири бар. Биз достору катары ушул бүгүн маалымат жыйынын өткөрдүк. Эл-жер үчүн, Үзөңгү Кууш үчүн өзүнүн өлө турганын билип туруп, аң сезимдүү түрдө өлүмгө барды. Мен ойлойм, Шералынын өлүмү кыргыз тарыхында, кыргыз саясатында, кыргыз коомунда ролу өтө зор. Анткени, бул инсан Кыргызстандын тарыхында биринчилерден болуп, саясый ачкачылыктан өзүнүн жанын курмандыкка чалган баатыр уулубуз...

Акайкатчыга азыркы бийлик Шералынын өлүмүнөн сабак алдыбы?- деген суроолор да болду. Турсунбек Акун мындай суроолорду жоопсуз калтырган жок:

- Кайсы бир деңгээлде сабак алды. Тилекке каршы терең сабак албай жатканы өкүндүрөт да. Ушундай абал улана берсе дагы деле, ошондой Назаркуловдор чыгышы мүмкүн да. Ушундай трагедия кайталанып кетиши ыктымал демекчимин. Күч структуралары бул маселеде ойлонуулары зарыл. Назаркуловдун тагдырынан кеч болсо да азыркы бийлик жыйынтык чыгарышы керек. Анткени дагы ушундай тагдырлар кайталанып калбасын деп эскертким келет...

Маркум Шералы Назаркуловдун жазган чыгармалар жыйнагы өзүнчө топтолуп китеп болуп чыккан. Ал китепти чыгаруунун демилгечиси Алмаз Эркебаев маркумду мындайча эскерди:

- Шекемде бир дагы душман жок эле да. Бир өзгөчүлүгү, адам өлгөндөн кийин жыл өткөн сайын унутула баштайт. Анын кеп-кеңештери досторунун арасында жашап жатпайбы. Жыл өткөн сайын жаңырат, жаңы идея сыяктуу алдыбыздан чыга берет...

Алмаз мырзаныны айтымында, Шералы инсан катары адамгерчилиги бийик, достукка бекем, ишенимдүү жолдош катары да эсте сакталып калган.

Айрым атын атагысы келбеген жолдошторунун айтымында, Шералы Үзөңгү Куушка, Бекназаровго чейин эле митинг-пикет болобу, көптөгөн саясый акцияларга катышып келген. Ал эркин экономист катары таанымал болсо, кийинчерээк жумурияттагы саясый жагдайларга байланыштуу укук коргоо маселесине аралашып кеткенин сезбей калды болуш керек дешет. Көрсө Шералы жеке турмушу, же ден соолугу жөнүндө эч бир жерде даттанган эмес экен. Шералынын кеп-кеңештерин убагында пайдалана албадык деп арман кылгандар да ошол себептендир.

Улуттун келечеги үчүн тынчы жок түйшөлгөнү кимге болбосун сезилип турганын гезиттерге жазган макала-материалдарынан да көрсө болот. “Өлүмү аркылуу Ата-Журтту жаноту менен сүйгөн, чыныгы патриот экенин аң-сезимдүү түрдө түшүндүрүп кетти”-- деп жазгандардын пикиринде чындык бардай. Ата-Журттун бүтүмдүгү үчүн жан берген инсандар тарыхта көп эле болгон. Шералы Назаркуловдун Азимбек Бекназаровдун азаттыгын талап кылып саясый ачкалыкка катышуусу, Үзөңгү-Кууштун Кытайга кетип жатканына каршы чыккандыгы менен байланыштуу болгону болбосо, ал өзү жашап жаткан коомго эч качан ыраазы болгон эмес. Ушул өңүттөн караганда маркум Шералы жеке тагдырынан журт тагдырын бийик койгону аны ар качан да эстетип турар. «Сен ооруба, мен ооруйун Ата Журт» деген Алыкул Осмоновдун саптары Шералы Назаркуловго багышталгандай таасир калтырат.

Шералынын каза болушу жакын тууган-уруктары, артында калган уулу жана үй-бүлөсү, дайыма чогуу жүргөн жоро-жолдоштору үчүн өтө чоң жоготуу болду. Шералынын жесири Назгүл Абдыкеримова Шералы уулун кана жыттап, өбө албай кеткенине арман кылат:

-Уулум “ата” деп, сүрөтүн көргөзүп, кимдир бирөөнү издегендей болгону абдан кейитип жиберет. Күн өтө берет экен. Ошол саясий акцияга катышып жатканда уулу төрөлбөдү беле. Колу бошоп, төрөтканага барып, уулун кана жыттап, өбө албай кетти... Арман деген ушул тура. Тагдырдын татаалдыгына баш ийиш керек деген ушул турбайбы. Шералы окула элек китеп сыяктуу туюла берет мен үчүн.

Анан да 21 күн ачкалыкта көшөрө отуруп бийлик менен сүйлөшүүгө баралы десе укпаган бийлик, Шералынын сөөгүн туулуп-өскөн Кара-Кулжага дароо жеткирип берсе болобу ошондо. Аны маркумдун жакын туугандары «өлгөнгө көмгөн, суук көрүнүш болду» деп эсептешет. Шералынын жүрөгү сокпой калган убак ушул февраль айы эле. Шералынын денеси жерге берилген күн 2002-жылдын 9-февралы болчу.

Маркум Шералынын турмуш-тагдыры да кыйчалыш келип катаал болуптур. Эми үй-бүлө күтүп, уулду болгондо тагдыр Шералыны ачкалык акциясына туш кылыптыр. Анын артында эмне калды? Тыным албаган түйшүкчүл, ченем жетпеген адамгерчиликтүү сапаты калды. Шералынын тирүү кезинде калтырган таасиринен алып айтканда ар бир инсан Шералыдай таза жашаса эмне арман. Шералы ачкалыкта отуруп ичеги-карынан бери тазалап, нукура таза жашоонун бир үлгүсү сымал кете берди деп жазылган эскерүү китепте.

Тирүүчүлүктүн байкалбаган өксүктөрүнөн айтсак: «…Шералы кээде досторун алдыга жөнөтүп коюп, артынан жетип барчу деп эскеришет. Көрсө, жол киреси жок жөө барчу экен. Бул тирүүчүлүктө байкалбаган өксүкдүр. Бир окумуштуунун айткан сөзү эске түшөт: «Жөө-жалаң жүрүп, жадакалса баш калкалаган үйү жок туруп, улуттун эртеңкиси үчүн баш-оту менен күйүп, өлүп кете берген маркум Шералы дүйнөсү көп, түпөйүл мен, мен деген кыйындардан кыйлага жогору турат”. Мындай сөз жөн жеринен айтылбагандай. Көрсө эсил кайран Шералы жупуну жашоосу аркылуу, аң сезимдүү түрдө жер тагдыры үчүн өмүрүн сайган кыргыздын азамат уулу экенин далилдеп кетти деп эскерип жүрөргө Шералынын эли эсен болсун демекчибиз. Маркум өзү жашап жаткан өлкөдөгү адам укугу, демократия үчүн жандалбас урган аракетинин натыйжасыз калып жатканына кейиди белем, көкүрөк көйгөйүн өлүмү менен түшүндүрдү деп түшүнсө болот.

XS
SM
MD
LG