11-февралда Биринчи май райондук соту президентин ар намысына, кадырына шек келтирди деп айыпталып жаткан Жашылдар партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевдин ишин карайт. Өткөн жылдын 13-декабрында аталган партиянын кеңсеси тинтүүгө алынып, Курманбек Бакиев боюнча карикатуралар табылган. Партия лидерине кылмыш иши козголгон. Бул туурасында Жашылдар партиясынан билдиришти. (EBM)