Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:31

Базаркоргондук укук коргоочу райондук ооруканада нааразычылык билдирди


Адам укугун коргоочу Азимжан Аскаровдун нааразылык акциясы жугуштуу оорулар бөлүмүнүн алдында үч саатка созулду. Ал “Күч уюмдары бөбөктү соттолгон энесинен тартып алууну каалашат. Наристени энесинен ажыратууга эч кимдин акысы жок ” деген жазууларды илип алып турган. “Бала таза болсо да, өзбекстандык аялды дарыгерлер “орун жок” деген шылтоо менен ушул бөлүмгө которушкан. Балакатка жетелек беш баласын эске албай, 2-февралда райондук сот Султанпашша Бахадырованы күчөтүлгөн тартипте беш жылга соттогон. Буга чейин аны менен сүйлөшүүгө мага уруксат беришкен жок. Акция болоор замат укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү, башкы дарыгер жетип келишип, аялды чүрпөсү менен терапия бөлүмүнө жаткырышты. Бахадырова кылмыш кодексинин 166-167-беренеси менен “алдамчылык жана каракчылыгы үчүн” деп айыпталган. Нааразылык акциясын жасоого аргасыздык мажбур кылды”, - деп айтты Азимжан Аскаров. (YA)

XS
SM
MD
LG