Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:21

Иран ыңкылабы: Шийи салтын ойрондогон шийи жеңиши


Иран ыңкылабы, 1979-жыл

Иран ыңкылабы, 1979-жыл

Мындан отуз жыл мурда ушул аптада Улуу Аятолла Рухалла Хомейни Ирандагы Ислам ыңкылабын жетектеген. Бирок Хомейнинин ошол кезде жүзөгө ашырылган теократиялык долбоорунун парадокстук жагдайлары бүгүнкү күнү бул режимге ичинен коркунуч туудурууда. Ыңкылап исламчыларга бийликти алып бергени менен шийилердин диний бийлигинин көптөн бери мамлекетик көзөмөлдөн тыш калыптанып калган салттарын бузду. Натыйжада Иранда теократиялык режимдин диний мыйзамдуулугу бузула баштады.

Алгач Ирандык такыба шийилерге Ислам ыңкылабы түшүндө көргөнүн өңүндө жүзөгө ашырган укмуштуу бир окуя катары кабыл алынган. Ыңкылап шийилердин диний ишенимин улуттун турмушунун так чордонуна жайгаштырып салды. Алардын көзүнө расмий Тегеран тим эле ислам дүйнөсүнүн байтактысы болуп калгандай сезилди.

Ошентсе да Аятолла Хомейнинин теократиялык көтөрүлүшү саясий жана диний бийликти жуурулуштуруп, кийинчерээк кыйла түшүнбөстүктөрдү жаратты. Анткени жаңы режим кылымдар бою калыптанган шийилердин салттарын бузуп, мурда мамлекеттен кыйла деңгээлде көз карандысыз болуп келген диний жетекчилердин колу-бутун мамлекеттин күндөлүк саясий турмушу менен чидерлеп салды.

Эми, мунун айынан, ыңкылап өткөндөн берки отуз жыл ичинде Тегеран режими ыңкылапта башат алган жаракадан жапа чегүүдө, анткени диний мыйзамдуулук жаатындагы талаптар менен динге тийешеси жок өкмөттүк башкарууну жетектөөнүн бири-бирине шайкеш келбеген жагдайлары курчуп кетти. Шийилердин арасындагы мындай келишпестиктер азыркы тапта Батыштагы саясатчылар үчүн да зор мааниге ээ.

Вашингтондогу Жакынкы чыгыш саясаты институтунун өкүлү, теги ирандык окумуштуу Мехди Халажи мындай дейт:

- Тагдыр тамашасын көрбөйсүзбү, диний төбөлдөргө кошумча ыйгарым укук бергендин ордуна, ыңкылап аларды өкмөттүк бийликтин кол баласына айлантып салды. Ошентип диний башкаруучулар өз эркиндиктерин, коомдогу популярдуулугун жоготту. Ошентип отуруп өкмөттүк бийлик 30 жылдан кийин аскердик, диний жана экономикалык саясат жуурулушкан бир татаал түзүлүшкө айланып калды.

Шийилердин жүз жылдар бою калыптанган салтын бузган Хомейнинин ыңкылабындагы негизги өзгөрүш “велаят-е факих” деген жобого байланыштуу. Бул жобого ылайык, өлкөдөгү эң улук диний жана саясий бийлик бир кишиге – мамлекеттин руханий башчысына таандык.

Ыңкылап маалында көптөгөн диниятчылар мындай жобого каршы чыгышып, аны – жаңыдан бийликке келген режимдин диний өкүмүн мыйзамдаштырууга багытталган мыйзамдан тыш далаалаты катары баалашкан. Бирок каршы пикирин билдирген нечендеген чоң даражасы бар диниятчылар жана алардын тарапкерлери камакка алына баштаган. Алардын арасында Хомейнинин мураскору болот делген кадыр-баркы бийик Аятолла Хусейн Али Монтазери да бар. 1997-жылы үй абагына салынган Монтазери азыр да шийилердин ыйык шаары жана диний борборлорунун бири болгон Кумда үй абагында кармалууда.

Бирок баары бир карама-каршылыктуу жараян тереңдей берип, акыры Ирандагы ыңкылап диний мыйзамдуулуктун кризисине кептелди.

Бул кризис Хомейнинин мураскору Али Хаменейи бийликке келгенде да күчөдү. Нечендеген аятоллалар азыркыга чейин аны өздөрүнүн көсөмү катары кароодон баш тартып келишет.

Али Хаменейи диний көсөм катары өзүнүн алсыз жактарын туюп, Хомейни баштаган кайчы пикирдеги диниятчыларды куугунтуктоо саясатын ого бетер күчөттү. Маселен, Кум шаарындагы баш ийбеген диниятчыларды жазалап, шаардагы диний окуу жайларды катуу көзөмөлгө алды. Ошентип, Хаменейи чоң даражадагы диниятчылардын кеңселерине, алардын ичинен Ирактын Улуу Аятолласы Али ас-Систанинин Кумдагы мекемесине тыңчылык көзөмөлдү күчөттү.

Ас-Систани “велаят-е факих” жобосуна каршы экендиги тууралуу кыйла айың кеп айтылып келет. Чынында да, ас-Систани өзү жашаган Иракта саясий жана диний бийлик бири-биринен ажырымдалып турушу керек деген жобону тутууда.

Бирок Вашингтондогу адис Мехди Халажинин айтымында, ас-Систани коңшу Ирандын руханий башчысы бардык диний жана саясий бийлик тизгинин өз колуна топтоп келатканын эч качан эл алдына чыгып сындап айткан эмес:

- Ал шарият укугунун адистеринин өкмөттүк бийликке көзөмөл кылышы керектиги тууралуу Хомйени жактаган теорияны жактырган эмес, бирок ага каршы күрөшкөн да эмес. Ал диний башкаруудагы өкмөт теориясы жөнүндө эч унчуккан эмес. Ал Иран режимин эч качан сындаган да эмес. Ал абдан сак, анткени эгерде ал ирандык режимге каршы чыга турган болсо, анда өзүнүн каржы булактарын, диниятчылык борборлорун, популярдуулугун, деги койчу, баары жоктун баарын жоготуп аларын жакшы түшүнөт.

Айтмакчы, расмий Тегеран Иранга коңшу өлкөлөрдөгү шийи жамааттарына да өзүнүн диний жана саясий жоболорун ырааттуу таңуулоого умтулуп келет. Кувейт, Ирак, Ливан сыяктуу араб өлкөлөрүндө бир катар шийи топтору Хаменейинин режиминин көмөгүн алууда.

Адис Мехди Халажинин пикиринде, шийилердин ири чөлкөмдөгү коомдук көңүл чордонунан ас-Систани сыяктуу салттык көз карашты тутунган диний ишмерлер акырындап четтетилип жаткандыктан, шийилердин Ортоңку Чыгыштагы жамааттары азыркы Иранды бийлеген аятоллалардын таасирине улам көбүрөөк ыктай бериши ажеп эмес.

Бирок, кандай болгон күндө да, азыркы Ирандагы шийилердин арасындагы диний бийликтин мыйзамдуулугу менен байланыштуу курчуган теориялык талаш-тартыш жана андан келип чыккан кризис коңшу өлкөлөрдөгү шийи жамааттарына деле жугуштуу кеселдей таркала бериши күтүлчүдөй.
XS
SM
MD
LG