Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:42

Азыр Кыргызстанда керектүү кесиптерди тандоо кыйын


Билим берүү министрлигинин башкы адиси Абдыманап Жолдошевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, учурда тиешелүү министрликтер өлкөгө талап кылынган кесиптер тууралуу так маалымат бере алышпайт. “Анткени алар дагы кайсы бир ишкананын келечекте иштээр, иштебесин анык көрө алышпайт. Советтер Союзу учурунда бизге “мынча адис керек” деген мамлекеттик план келчү. Азыр ошонун жоктугунан билим берүү министрлигинин да божомолдоолору так болбой жатат. Анын үстүнө бүгүн актуалдуу делген кесип студент окуусун бүткүчө зарылчылыгын жоготуп койгон учурлар да болот”, - дейт ал. Учурда Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 200дөн ашык, орто билим берүү окуу жайларында 100гө жакын адистик боюнча студенттер билим алышат. Адистин айтуусунда, алар мезгил талабына жараша кыскарып же көбөйүп, жылыштырылып турат.(AzK)

XS
SM
MD
LG