Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:45

Чүйдөгү жергиликтүү лидерлер өлкөнүн башка аймактарын кыдырууну улантууда


Сокулук районунан Уран Рыскулов бүгүн бул туурасында «Азаттыкка» маалымат берди. «Азыркы бийликке жана оппозицияга да эл ишеними жок, андыктан өлкөдөгү активдүү жаштардын башын бириктирип, жаңыча кадамдарга баруу керек», - дейт ал. Уран Рыскулов башында турган бир катар бейөкмөт уюмдардын лидерлери Талас, Нарын жана Ысык-Көл аймактарын кыдырып, жергиликтүү жаштарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. «Эч кандай нааразылык акциясы жок эле, элди бүгүнкү абал туурасында кеңири тааныштырууну максат кылган Чүйдөгү жергиликтүү лидерлерге дагы башка облустардан чакыруулар келип түшүүдө»,- дейт уюштуруучулар. (JJ)

XS
SM
MD
LG