Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

АКШнын Сенаты экономиканы стимулдаштыруу планына добуш берет


Наркы 800 миллиард доллардан ашуучу чараларды камтыган планды Сенат добушка бүгүн салары күтүлүүдө. Президент Обама экономиканы стимулдаштыруучу чаралардын топтому, анын сөзү менен айтканда "катастрофага" жол бербөө үчүн керектигин эскертти. Планга коомчулуктун колдоосун алуу үчүн Обама бүгүн турак жай баасынын аразандашынан өзгөчө жапа чеккен Флорида штатына бармакчы. Конгресстин Эл өкүлдөр палатасы планды буга чейин колдогон. Бирок документке палатадагы республикачылардын бири да добуш берген эмес.

XS
SM
MD
LG