Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:16

Укук коргоочулар Орусия кредитин адам укуктарын коргоого жумшоону суроодо


Демилге көтөргөн укук коргоочулар тобу Орусия бөлүп жаткан кредитти укук бузуулардын кесепеттерин иликтөөчү борбор түзүүгө, тартип коргоо мекемелериндеги кыйноолордун курмандыктарын өзүнүн бейкапар тиричилигине кайтарууга, түрмөлөрдө кыйнап өлтүрүлгөндөрдүн үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөөгө, түрмөлөрдө кургак учук жугузуп алгандарды дарылоого жумшоону сунуш кылган. Мындай сунушту бийликке “Кылым шамы”, “Жарандык коом коррупцияга каршы”, “Психикалык саламаттык жана коом” уюмдары баштаган жарандык коомдор жана укук коргоочулар беришкен. (BuS)

XS
SM
MD
LG