Ал аралыкта Ооганстандын батышындагы эки жарылуудан бүгүн эки адам набыт болду, 10 ашууну жаракат алды. Кечээ да талиптер Кабулда бир топ мамлекеттик органдардын имараттарына террор чабуулдарын коюшкан эле. Yч саатка созулган атышууларда куралчан сегиз адамдын баары өлтүрүлгөн.