Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

20-февралдан тарта социалдык акыйкаттык айлыгы башталат


20-мартка дейре созула турган айлык алкагында социалдык коргоого муктаж калктын катмарына багытталган кайрымдуулук акциялары өтөт. Өкмөт майып, кары-картаң, жетишсиз үй-бүлөөлөргө материалдык жардам , акысыз медициналык тейлөө көрсөтүү иштерин уюштуруу үчүн тийиштүү министрлик жана комитеттерге милдеттенме берди. Өкмөт башчы Игорь Чудинов бул тууралуу буйрукка 12-февралда кол койгон. Кыргызстанда социалдык жөлөк пулдардын орточо суммасы 716 сомду түзөт. Адистердин айтымында, Кыргызстанда бир айдын ичинде бир адам эң төмөн дегенде 3500 сомдун тегерегинде акча керектейт. Ал эми төлөнүп жаткан жөлөк пулдар бул сумманын 20 пайызын гана түзөт. Улуттар уюму 20-февралды “Бүткүл дүйнөлүк социалдык акыйкаттык күнү” катары белгилөө чечимин кабыл алган.(EK)

XS
SM
MD
LG