Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:50

“Азаттыктын” таңкы берүүлөрүнүн маектеши белгилүү саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев болду.

- Ушул тапта “Манас” аба майданынан коалициялык аскерий күчтөрүн чыгаруу тууралуу кыргыз бийлигинин чечимине ар кандай көз караштар айтылып атпайбы, Сиз ушуга кандай баа бересиз?

- “Манас” авиа базасында АКШнын аскер күчтөрү турат, мунун чыгып кетиши талапка ылайык. Мунун эки себеби бар. Биринчиси, мунун укуктук жагы. Анткени 2001-жылы коюлган келишим бул туура эмес жазылган. Бул келишим Кыргыз Республикасынын, кыргыздын жарандарынын таламдарына жооп бербейт. Бул келишимди карап окуп чыктык. Бул келишим бир тараптуу, бир жактуу түзүлүп калган дагы, бир гана америкалык аскер күчтөрүнүн гана кызыкчылыгын коргоп калган.

Экинчи жагы, азыркы убакта АКШнын тышкы саясатына жалпы баа берип көрсөк, бул дүйнөдөгү согуштук күчтөрүн чет мамлекетке көп жайылткан мамлекет. Экинчиден, тышкы саясатын агрессивдүү негизде жүргүзгөн мамлекеттердин бири. Ошон үчүн Азияда болобу, башка континенттерде болобу бул мамлекетке кас болгон мамлекеттер, уюмдар көп.

Бул мамлекет дайыма тышкы саясатын агрессивдүү алып жүргөндүктөн буга карама каршылыктар көп, террористтик уюмдар америкалыктарга каршы көп иштешет. Ошон үчүн эгерде Иранда, Ооганстанда согуш күчөп кетеби, же Иракта дагы бир нерсе болуп кетсе, бизге залакасы тийиши мүмкүн. Биз кичинекей мамлекетбиз, ошон үчүн мунун чыгып кетиши биздин талапка жооп берет деп ойлойбуз.

Анткени карап көрсөңүздөр, АКШнын аскер күчтөрүндө кызмат кылган адамдар өздөрүн кандай текеберлик менен алып жүрүп атышат. Биздин жарандарга зыян алып келип атышат, чыгым болуп аткандары бар, буларга алар жооп беришпейт дагы. Анткени 2001-жылы келишим такыр туура эмес түзүлүп калган.

- Бекбосун мырза, президент К.Бакиев дагы Ооганстанда кырдаал 2001-жылдагыдан башкача болду, эми алар өздөрүнүн проблемаларын өздөрү чечиши керек деп айтты да. Ошол эле учурда жакында коопсуздук кеңешинин жыйынында диний-экстремисттик кырдаал кооптоондуруп жатканын кошумчалады. Мына ушул маселеде кандай чечмелей аласыз?

- Диний экстремизм чындыгында жалгыз эле биздин Кыргызстанда эмес, биздин региондо күчөп атат. Анткени диний-экстремизм, ар кандай диний көрүнүш бул идеологиялык иштердин жүрбөй аткандыгынан болуп атат. Мисалы, биз эркиндик алгандан бери дин уюмдарына, агымдарына өтө чоң шарт түзүп берип койдук, закон жагынан болобу, уюштуруучулук жагынан болобу. Мына ошонун жыйынтыгын биз көрүп атабыз, мына Ноокаттагы, башка жердеги окуялар, даабатчылык. Чынында кыргыз элине ислам дини күчтүү таасирин эч качан тийгизип көргөн эмес.

- Буга Ооганстандагы талибандардын күч алып атышы Борбор Азияга таасир бербейби?

-
Түздөн-түз таасир берет. “Хизб-ут Тахрир” өзү бизде саясий партия, бул партиянын максаты бийликке келиш керек дагы, анан халифат түзүш керек Борбор Азияда.

- Айрым талдоочулар айтып атат учурдагы “Манастагы” аскер күчтөрүн чыгарууну, же чыгарбоону Орусиянын бийлиги чечет деп. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

- Менимче, эгерде биздин президент Москвадагы өзүнүн кайрылуусунда ачык айткандан кийин биздин мамлекет өзү чечиш керек. Анткени эгерде ушул жерден дагы кайра Москва чечип калса анда биздин суверендүүлүк жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Эгерде биздин ички маселебизди башка мамлекеттин башчылары чечсе, анда биз чындыгында дүйнөлүк коомчулуктун астында чоң уттуруп коебуз, уят болуп калабыз.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG