Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Жалал-Абаттагы лицейде балдар ууланды деген маалымат негизсиз


Мындай маалымат бүгүн шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Чырмаш Доороновдон алынды. Анын айтымында, тамак-аштан ууланды деп шектелген 38 окуучу 14-февралда облустук ооруканага жеткирилип текшерилген. Ошо күнү 35 окуучу текшерүүдөн таза чыгып, тумоо жана ичи ооруган 3 бала жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган. Лицейдегилер ичкен тамак-аш изилдөө үчүн облустук санитардык борборго тапшырылды. Анын жыйынтыгы азырынча чыга элек. Облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн кызматкери бүгүн эки окуучу суук тийген (ОРВИ) деп шектелип дарыланып жатканын жана алардын ден соолугу дурус экенин билдирди. Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы Жалал-Абаттагы кыргыз-түрк лицейиндеги 38 окуучуга 14-февралда түшкү тамакка берилген оокаттан ууланышы мүмкүн деген маалымат таркаткан болчу. (YA)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG