Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:00

Социал-демократтарга Конституциялык сотко арыз бербөө сунушталды


Бириккен Элдик Кыймылдын 16-февралдагы жыйынында Социал-демократиялык партияга Конституциялык сотко арыз менен кайрылбоо сунушталды. Белгилүү болгондой социал-демократтар Конституциялык сотко арыз даярдап, анда президентик шайлоону мыйзамга ылайык быйыл октябрь айында өткөрүүнү талап кылууну көздөп жатышкан. Социал-демократтардын мындай аракети Мелис Эшиканов жана Кабай Карабековдун жаңы Конституцияларды жокко чыгарууга алып келген арыздары сыяктуу бийлик үчүн президенттик шайлоодо оңтойлуу шарт түзүп берери БЭКтин жыйынында белгиленди. Социал-демократтар өз кезегинде бул маселени партиянын кеңешинде талкуулап, чечим кабыл алаарын билдиришкен. Бул тууралуу БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров билдирди.(AiT)

XS
SM
MD
LG