Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

Базаны калтыруу боюнча АКШ тараптан сунуш болгон жок


Бул тууралуу тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев бүгүн “Ак жол” фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, 3-февралда базаны чыгаруу боюнча чечим кабыл алынганы айтылгандан кийин АКШ өкмөтүнөн эч кандай сунуш түшкөн жок. Андан сырткары база үчүн акыны көбөйтүү боюнча 2006-жылы жетишилген келишим да толук аткарылган жок. Кыргызстан 2006-жылдагы келишим боюнча база үчүн АКШдан жылына 200 миллион доллар алууга аракеттенген. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШ өкмөтү база ижарасы үчүн 17.4 миллион доллар төлөп, ар кандай багыттагы жардамдардын көлөмүн 150 миллион долларга жеткирүүгө макулдугун берген.(AiT)

XS
SM
MD
LG