Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

З.Курманов:Эл аралык маселени талкууда дипломатиялык чектен чыкпайлы


Мына ушундай пикирин “Ак жол” фракциясынын жыйынында Зайнидин Курманов билдирди. Ал АКШ базасын чыгарууда коллегаларын бир жактуулуктан алыс болуп, калыс болууга чакырды. АКШ базасы экологияны бузат, мыйзамдарга туура келбеген иштерди жасап жатат деп жатып, ошол эле мезгилде Канттагы орус аскер базасы да ушундай эле иштер менен алек болуп жатканын унутпоого чакырды. Зайнидин Курманов ошондой эле АКШ базасына байланыштуу маселени Кыргызстан соодага айлантканына нааразы болуп, биз база аркылуу батыш менен мамилени башка деңгээлге көтөрө албадык деди.Базаны талкуулоодогу бир жактуулук АКШ менен дипломатиялык мамилени бузуп алууга алып келерин, Үзөңгү-Кууш маселесин антикытайлык мүнөздө талкуулоо Кыргызстан үчүн экономикалык зыяндарга алып келгенин Курманов эскерди.(AiT)

XS
SM
MD
LG