Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:01

Бүгүн жарык көргөн орус тилдүү гезиттердин экөө тең Американын аскер базасына байланышкан маселелер тууралуу жазып чыгышты.

“Дело №...” гезити ушул маселеге арналган бир макаласынын атын “Маскөө менен Вашингтон ортосунда соодалашуу жүрүп жатат” деп атады. Маскөөлүк политолог Андрей Грозиндин пикири боюнча маселенин түйүнү орус президенти Д. Медведов менен америка президенти Б. Обоманын жолугуп сүйлөшүүсүнөн кийин чечилет. Ал эми азыр Орусия менен Американын ортосунда соода жүрүп жатат. Кокус базанын Кыргызстандан чыгып кетишин каалабаса президент Курманбек Бакиев Маскөөдөгү билдирүүсүн жасабай деле койсо болмок. Бирок дал ушундай билдирүү жасалышын орус тарап каалап турду. Буга бүгүн Кытайдын да моокуму канып турган чагы. Маскөө эми АКШнын алдына Грузия менен Украинаны көздөй жылганы калган НАТОнун кадамынан кайра тартуу, ал эле эмес Иран жана Түндүк Корейге байланышы бар маселелерди коюп чыгат. “Манастагы” база балким, бүгүнкүдөй абалынан башкача формада кала бериши да мүмкүн. Жыйынтыктап айтканда, аскер базасынын айланасындагы маселеге жакындап келаткан марттын башы, апрелдин аягында чекит коюлат.

Гезит ушул маектешүүнүн катарына Орусия Федерациясынын геосаясат Академиясынын президенти, генерал-полковник Леонид Ивашовдун интервьюсун да жарыялады. “Эмне үчүн Америка тарап биз Кремль менен гана сүйлөшөбүз деп койду?” деген кабарчынын суроосуна генерал-полковник: “Анткени “Манастагы” база Путиндин макулдугу менен жайгаштырылган” деп айтты. Кабарчынын: “Ошол эле убакта Орусия менен Кыргызстандын ырасмий өкүлдөрү К. Бакиевдин базаны чыгаруу тууралуу билдирүүсү менен орус тарап бермекчи болгон акчанын ортосунда эч кандай байланыш жок деп чыгышты. Буга сиз кандай дээр элеңиз?” деген суроосуна Л. Ивашов: “Албетте, байланышы да бар, таасири да бар. Мындай чоң суммадагы акчаны сунуш кылып аткан соң Орусия бул өлкөнүн мындан ары өсүп-өнүгүшүн каалайт. Орусияга бирөөнүн көзүн карап бөжүрөгөн, өзү чечим чыгаралбаган, араңжан өнөктөштүн эч кандай кереги жок. Ал эми америкалыктардын турганы эч качан туруктуулукту алып келбейт” деп жооп берди.

Гезит андан ары “Фотофакт” деген рубрика алдында сүрөттүү макала басты. Анда Бишкектин Ош базарында америкалык жоокерлердин кийимдери кызуу сатыла баштаганы кабарланган. Маселен, АКШ армиясынын аскердик кийими – 8 миң сом (жаңысы), эскиси - 4 миң сом. Ботинкалары 1-2 миң сомдон сатылууда. Айрымдар бул кийим-кечелер гуманитардык жардам катары Кыргызстандын Чукул кырдаалдар министрлиги менен кыргыз жоокерлери үчүн берилген, бирок эмнегедир базарга чыгарылып сатылып жатат дешсе, айрымдар аларды америкалык базадан кыргыз атуулдары алып келип жатышканын айтышууда. Америкалык жоокер кийимдери сапаты мыктылыгы жана бышыктыгы менен айырмаланат. Бирок ал сатыла баштары менен эле базарда аларга жанаша кытайдын “америкалык жасалма аскер кийимдери” да пайда болду дешет сатуучулар.

“ Батыш ММКлары америкалык базаны жабуу тууралуу кабарды угары менен аны дароо эле кыргыздарга орустар беребиз деп убада кылган 2 млрд. доллар менен байланыштырып чыкты. Америка өкмөтү менен НАТОнун ырасмий өкүлдөрү болсо бул ишке кийлигишип жатканы үчүн орус тарапты күнөөлөдү. Бирок базанын жабылышына себеп болгон башка да бир жагдай бар. Ал Кыргызстандын жараны болгон 42 жаштагы Александр Ивановдун америкалык жоокер Закари Хетфилд колдуу ажал тапканы” деп жазган “Salem News” аттуу гезиттин макаласын бүгүн жарык көргөн “Московский комсомолец Кыргызстан” гезити которуп сунуштады.

“Ошентип...” деп уланган гезиттеги макала андан ары: “ Ивановдун жесири компенсация катары 50 миң доллар алды. Бирок ага дейре маркумдун өлүмү үчүн 1000 доллар сунуштап чыгышкан. Бул “жоомарттык” АКШнын беделин жакшы эле түшүргөнгө жарады. Окинавадан Бишкекке чейинки америкалык базалар - зомбулук менен сойкулуктун генератору, экологиянын деградациясы. Кыскасын айтканда база кайсыл өлкөлөргө жайгашса, ошол өлкөнүн баш оорусу, жоокерлер туудуруп, атасыз чоңойчу балдардын баш оорусу. Биз эми базаны жайгаштыруу үчүн Өзбекстан менен сүйлөшө баштадык. Эгер эсиңерде болсо өз өлкөсүнүн жарандарын кызыл кыргын кылган Ислам Каримовду сынга алганбыз. Ошондо Каримов өзүбүздү базабызга кошуп туруп кууп чыккан. Буштун админстрациясы убагында канчалык чагып көрсө да оңой менен чагылбаган, жаңгактан да катуу баш Каримовдон ошондон кийин кыйла алыстай түшкөн. Эми Пакистан менен Ооганстандын майдан талаасын курчоого алып, масштабдуу согуш операцияларын жүргүзүү үчүн бул аскер базалары Обаманын “либералдык” администрациясы үчүн керек болуп жаткан кези. Аймактагы баш аламандыктар эми күчөйт, балким Орусия менен кагылышууга чейин алып келет, террорчулуктун тизмеси дагы кеңейт. Баса кыргыз проблемасын чечүүнүн башка да бир жалгыз жолу бар. Жергиликтүү бийлик мындан мурда да америкалык базаны чыгармакчы болуп “атасын тааныбай” кеткенде АКШ Акаевдин тизгинин кандай какты эле. Акаев базаны чыгармак тургай АКШ каржылаган революциянын эпкини менен учуп жок болду.
А мүмкүн ошол тарых кайталанып жүрбөсүн? Андай, мындай деп кызыл чечке талаш башталаганда эле америкалык бийлик тирукмуш нерселерди жасап жиберүүчү эле...” деп баяндалат. Макаланы АКШнын Орегон штатындагы Салем шаарынан Джастин Раймондо аттуу автор жазган.



XS
SM
MD
LG