Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:28

Улуттук аттестациялык комиссия учурда илимий кадрларды даярдоо боюнча 2008-жылы жасалган иштердин жыйынтыгын чыгарып жаткан кез. Өткөн жылда корголгон илимий иштердин сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү жөнүндө “Азаттыктын” толкунундагы чакан маекте Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы, академик Алтай Бөрүбаев айтып берди.

-Улуттук аттестациялык комиссия илимий адистерди даярдоонун сапатын өнүктүрүү концепциясын иштеп чыккан экен. Анын өзгөчөлүктөрүнө кыскача токтоло кетсеңиз?

-Быйыл биз төрт жаңы жобо кабыл алдык. Улуттук аттестациялык комиссиянын чечими менен окумуштуулук даража, наамдарды берүү, эксперттик комиссияларды жана диссертациялык советтердин иши жөнүндө регламенттерди тактадык. Муну менен биз нормативдик-укуктук базаны чыңдап алдык деген ойдобуз.

- Өткөн жылы канча илимий иш корголду?

- 31 докторлук, 271 кандидаттык диссертация корголду.

- Ошол илимий иштердин сапаты жөнүндө айта кетсеңиз. Алардан мамлекетке, экономикага кандай пайда болчудай?

- Биринчиден, сапаттары жакшы. Себеби кандидаттык диссертациялардын 7 пайызын, доктордук диссертациялардын 3 пайызын биз артка кайтардык. 5 млн. 200 миң кыргыз эли үчүн жасалып аткан диссертация көппү же азбы деген суроо туулат. Бирок бул суроону коюдан мурда кошуна мамлекеттерди карап көрүшүбүз керек. Биз Түркмөнстан, Өзбекстандан алдыда экенбиз, калгандарынан артта экенбиз.

- Алтай мырза, бирөөнүн эмгегин, же анын бөлүгүн өзүнүкү кылып уурдап бастырып чыгарган плагиаттык илимий иштер да кезиктиби?

- Андайлар болуп атат. Аларды экинчи коргоого жол бербей тургандай кылып четке кагып жатабыз. Азыр биз “Электрондук НАК” деген антиплагиаттык программаны киргизип атабыз. Мындан кийин кудай буюрса абдан чоң иш болот.

- Мына ушул илимий иштердин арасында биздин мамлекетке экономикалык пайда алып келчү иштер да бар бекен?

- Албетте.

- Ошолордун кандай негизгилерине токтоло кетесиз?

- Мисалы, гидроресурстарды иштетүү боюнча, техника тармагында, нанотехнология боюнча аз болсо да иштер жасалып атат. Чоң пайда алып келе турган иштер да бар.

- Илимий иштерге жаштардын катышуусу кандай болуп атат?

- Президенттин Жарлыгы менен Айтматов атындагы жаштар сыйлыгы дайындалып атпайбы. Ошол себептүү жаштардын дагы илим тармагындагы активдүүлүгү артат деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG