Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:27

КР мамлекеттик бюджетине жыл сайын “Манас” аба базасынын ижарасынан 17,4 млн доллар түшүп турган


АКШ аба базасынын Кыргызстанда жайгашуусунан КР мамлекеттик бюджетине 2002-жылдан бери жылына 2 млн доллардан түшүп келген. 2006-жылдан тартып, жылына 17 млн 400 миң доллардан түшүп турган. Бул тууралуу тышкы иштер министри К. Сарбаев депутат Исхак Масалиевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Ал эми эки тараптуу келишимде АКШ тарабынан базанын ижарасы үчүн 150 млн доллар Кыргызстанга төлөнөт, деген келишим ишке ашкан эмес. Министрдин айтуусунда ЮСАИД тарабынан каржыланган акчалар база үчүн берилип жаткан акчанын эсебинде жок.
Тышкы иштер министринин маалыматы боюнча АКШ коргоо министрлиги “Манас” аба базасы үчүн 224,61 гектар айыл чарба жерин, Фрунзе токой чарбасынын 114 гектар жерин ижаралап келген. Мындан тышкары “Манас” эл аралык аэропорту учуу тилкесинен 985 миң чарчы метр жерди ижарага берген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG