Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:54

Өзбекстандын жергиликтүү жана өкмөттүк билим берүү аткаминерлери Анжыянда жана башка облустарда окуучуларды мектепке бардыртуу үчүн жаңы чараларды кабыл алууда. Бирок айрымдар мектепке эмес, мечиттерге кетип калган балдарды табуу үчүн мечиттерди тинтүү жана ата-энелерден балдары кайда болгонун каттап турууну талап кылуу өңдүү демилгелерди өкмөттүн дин эркиндигин кысымга алуудагы жаңы кадамы катары сынга алышууда.

Өзбекстандын Анжыян чөлкөмүндө жергиликтүү мектеп жетекчилери балдарды мектепте кармоо менен алек. Бул үчүн алар ал түгүл мечиттерге барып, андагы окуу жашындагы балдарды кубалоого чейин барышты.

Өткөн аптада жергиликтүү жана өкмөттүк аткаминерлер жаштар жана кылмыштуулук маселесин талкуулоо үчүн жолугушкан. Жыйында мектепте сабак жүрүп жаткан маалда окуучуларды интернет кафелерге, оюн-зоок клубдарына, жада калса мечиттерге жолотпоо тууралуу чечим кабыл алынды.

Жергиликтүү мектепттердин биринин өз атын атагысы келбеген директору “Азаттыктын” Өзбек кызматына куруп берген маегинде колдонулуп жаткан чаралардын айрымдары тууралуу айтып берген:

- Мен ар бир окуучуну мечитке барып жатабы же жокпу деп текшерип чыгууну класс башчыларынан сурадым. Бирок биздин мугалимдер бизде мындай окуучулар болбогонун айтышты. Бирок ошого карабастан биз мечиттерди текшерүүдөбүз. Эгерде мугалим башка мектептин окуучуларын мечитте көрүп калса, аларга да мектепке кайтып, сабакка катышуусу керектигин айтат.

Өзбекстанда диний мекемелерге баргандардын жашын көзөмөлдөгөн атайын мыйзам жок. Бирок алиги мектеп директорунун айтымында, билим берүү аткаминерлери эрезеге жете элек окуучуларга мечиттерге барууга Өзбекстан боюнча тыюу салган. Жада калса бийликтер Анжыян облусунда байырлаган ата-энелерден балдары интернет-кафелерге, оюн клубдарына жана мечиттерге барбайт деп тил кат жаздырып алган.

Абдугаффар Дадабаев – мындай тил катка кол койгон ата-энелердин бири.

- Алар алдын-ала атайын калып түзүп койгон экен, бардык ата-энелерге ага кол кой деп кайрылышты. Бул - ата-эне менен мектеп ортосунда түзүлгөн келишимге окшошуп кетет. Бизден мындайча убада кат жазуу талап кылынды: “мен балдарымдын мектепке өз убагында барышын, алардын интернет кафе, оюн клубдарына барып ойнобой турганын жана башка кандайдыр бир топторго кирип кетпестигин камсыз кылууга жана дайыма аларды көзөмөл алдында кармоого сөз берем”.

Кабарларга караганда, Анжыяндын аткаминерлери мындай аракеттерди өзбек жаштары арасында кылмыштуулукту азайтуу максаты менен түшүндүрүштү.

Бирок 25 жашка чейинкилер жалпы калктын 60 пайызын түзөөрүн жана соңку жылдары өлкө диний экстремизмдин бутасы болуп келгенин эске алганда, айрымдар соңку чараларды диний мекемелердин жаштарга таасирин азайтуу аракети катары сыпатташууда.

Буга чейин да өзбек лидери Ислам Каримов бир нече жолу “Хизб-ут-Тахрир” жана Өзбекстандын Исламчыл кыймылы өңдүү топторду өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн жок кылууга аракет жасоодо деп айыптап келген.

Бирок Каримовдун саясий каршылаштары жана укук коргоочулар өкмөттү экстремизм жана террорчулукту башкача көз караштагы адамдарды куугунтуктоо үчүн курал катары колдонууда деп сынга алууда.

Эл аралык укук коргоочу Хюман Райтс Уотч уюмунун маалыматына ылайык, ислам дининин 6 миңдей тынч жактоочулары өзбек абактарында кармалууда.

Айрым адистердин баамында, өзбек өкмөтү жумушсуздуктан тажап, жакырчылыктын сазына баткан карапайым калк нааразылыгын билдирип көтөрүлөт деп кооптонуп, ар кандай жыйындарга, калайыктын котолоп чогулушуна жол бербөө үчүн далаалат кылууда.

Ташкендик көз карандысыз адис Ташпулат Юлдашевдин айтымында, өзбек бийлиги жаштардын интернет мейкиндигинде көз карандысыз сайттарга киришин каалабагандыктан, окуучу балдарга интернет кафелерге барууга тыюу салууда. “Өкмөт калкты маалыматсыз, караңгылыкта кармоону каалайт, себеби ошондо аларды башкаруу алда канча жеңил болот эмеспи” дейт Юлдашев мырза.
XS
SM
MD
LG