Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

УТРКда жакында аттестация болот


Улуттук телеканалдын кызматкерлери март айынын башынан тарта аттестациялык сынактан өткөрүлөт. Ал сыналгы көрсөтүүлөрүнүн мазмуну менен формасын өзгөртүүгө жарамдуу кызматкерлерди тандап алуу. Ал эми Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча улуттук корпорациянын башкы директорунун орун басарлыгына Орозбай кызы Кайыргүл дайындалды. Ага негиз берген буйрукка президент Курманбек Бакиев кечээ кол койду. Орозбай кызы Кайыргүл буга чейин “5-канал”, “НТС”, “Пирамида” телеканалдарында тележурналист болуп иштеген. Ал эми буга чейин бул кызматта 8 ай иштеген Абды Сатаров “Азаттыкка” улуттук телеканалдын сапатын арттыруу жана жаңы саясий нукта иштөөсү үчүн башкарууга жаштар келип, жаңы толкун кошуш керек деп билдирди.(BD)

XS
SM
MD
LG