Бул туурасында элчи Раимкул Аттокуров Орусиядагы кыргызстандыктар союзунун координациялык кеңешинин мүчөлөрү менен болгон жолугушууда билдирди. “БУУнун Башкы ассамблеясы Кыргызстандын президенти демилге кылган резолюциянын долбоорун колдоп, 20-февралды Дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнү деп жарыялады. Биздин элчилик бул күнгө арналган бир айлык убакыт ичинде атайы иш чараларды өткөрөт”,- деп белгиледи элчи. Элчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда мындан тышкары, "Манас" авиабазасы боюнча парламенттин чечими, дүйнөлүк каржы кризисинин жумушсуздуктун өсүүсүнө тийгизген таасири тууралуу маселелер талкууланган.(AzK)