Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:02

БУУ өкүлдөрү Ирандын өзөктүк долбооруна тынчсызданууда


Бириккен Улуттар уюмунун көзөмөлдөөчүлөрү Иран уранды байытуу ишканасын кеңейтүү иштерин басаңдатты, бирок өзөктүк бомба үчүн зарыл чийкизатты чогултууну улантууда жана ушул тапта жок дегенде бир өзөктүк бомбага жетерлик радиоактивдүү зат алардын колунда бар болууга тийиш деген жыйынтыгын жарыялады. Текшерүүнүн жыйынтыктары Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин соңку билдирүүсүнө кирди. БУУнун аткаминерлери журналисттерге берген маалыматта Иран өндүргөн төмөнкү сапаттагы байытылган урандын жалпы көлөмү миң килограммдан ашканы айтылат. Эгерде бул зат андан ары байытылса, анда андан өзөктүк бомбага жетерлик материал өндүрүлүшү ыктымалдан алыс эмес. Расмий Тегеран болсо тынчтык максатта гана өзөктүк отун өндүрүп жатканын айтып келет.

XS
SM
MD
LG