Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:54

Израил өкмөтүн эми Нетанйаху курайт


Израилдин президенти Шимон Перес жаңы коалициялык өкмөттү куроо ишин “Ликуд” партиясынын лидери Бенйамин Нетанйахуга расмий сунуш кылды. Эми аймактагы саясат жаатында катаал турумда болгон “Ликуд” партиясынын бул лидеринде министрлер кабинетин куроого алты апталык убакыт бар. 10-февралда Израилдин парламенти - Кнессетке өткөн шайлоодо “Ликуд” партиясы экинчи орунду алган. Андан бир орун көбүрөөк (жалпысы - 28 орунду) алган чордончул “Кадима” партиясынын коалиция курууга шаасы азыраак болуп чыкты. "Кадима" партиясын тышкы иштер министри Ципи Ливни айым жетектейт.

XS
SM
MD
LG