Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:01

Түптүн акими “Мээрим булагындагы” балдарды үй-үйлөрүнө таратууну чечти


“Мээрим булагы” жеке менчик балдар үйү жайгашкан Ысык-Көл облусунун Түп районунун акими Саматбек Керимкулов балдар үйүндөгү 39 баланын 26сынын үй-бүлөлөрүн таап, багар-көрөрү болсо аларга кайтарып берүү тууралуу токтом кабыл алды. Буга балдардын документтеринин толук эместиги негиз берди. Көптөн бери балдар үйүнүн кожоюуну менен жүрүп жаткан талашты иликтөө үчүн ал жерде азыр өкмөттүн Балдарды коргоо департаменти уюштурган комиссиясы иштеп жатат. Анткени балдар үйүнүн ээси Гүлнара Дегенбаевага балдарды чет өлкөгө сатууга аракет кылган,балдардын укугун бузган деген кине менен кылмыш иши ачылган. Гүлнара Дегенбаева буга эч кандай негиз жок, талаш балдар үйү менен жерин алууга кызыкдар адамдар тарабынан атайылап уюштурулуп жатат деп “Азаттыкка” мурда билдирген.(BD)

XS
SM
MD
LG